Осмонов Абдрай

Википедия дан

Осмонов Абдрай [27. 12. 1939-ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району Тилекмат айылы Шалба айылы] — сүрөтчү-живописчи. Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1982), Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери (1984), Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (1991), КРдин Улуттук көркөм сүрөт академиясынын анык мүчөсү (2005). Бишкек сүрөтчүлөр окуу жайын (1959), Ленинграддагы Репин атындагы Живопись атындагы сүрөтчүлөр академиясын бүткөн, скульптура жана архитектура институтун (1965) бүтүргөн. 1965 жылдан С. Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайында окутуучу. 1965-жылдан республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. 1968 жылдан ССРС сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. 1970– 85-ж. Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун живопись секциясынын төрагасы. Осмонов негизинен сюжеттик-тематикалык жанрда эмгектенет. Алгачкы эмгегинин бири – көп жактуу, колориттик чечилиш боюнча татаал «Майрам күнү» (1972) картинасы. Живопистик сапаттарга ээ «Булочнаяда» (1969), «Чолпонка» (1973), «Үй-бүлө» (1968) жана «Күрөш» (1971) картиналарын жараткан. Осмоновдун «Долон» (1974), «Ысык-Көлдүн балыкчылары» (1975), «Түшүм» (1977), «Жүзүм үзүү» (1978), «Жеңиш» (1979) аттуу полотнолору кыргыз элинин жашоо-турмушун чагылдырат.
Ал тематикалык Эртең мененки убакыт. 1987. жанрдагы картиналар менен портрет тартат. Көп картиналары айыл турмушуна арналган.
Көргөзмөлөргө коюлган негизги картиналары: «Жаш эне», «Колхоз тою», «Мейманга», «Түшүм жыйноо», «Кырманда», «Түшүм» жана башка, М. Рыскуловдун, Сүймөнкул Чокморовдун жана башка ар кандай кесиптеги кишилердин портреттери да анын калемине таандык.
Кубада, Монголияда, Скандинавия өлкөлөрүндө, КМШ мамлекеттеринде жана республикада өткөрүлгөн көргөзмөлөргө катышкан.
КМШ көргөзмөсүндө коло медалга татыктуу болгон. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]