Отун энергохимиясы

Википедия дан

Отун энергохимиясы — отундар­дан жылуулук энергиясы менен катар хим. продуктуларды жанa күйүүчү газ­дарды алуу жолу.

Бул максат үчүн буулануучу заттарга бай отундар күрөң көмүр, битумдашкан таш көмүр, чым көң, күйүүчү сланецтер, жыгач таарындылары ж. б. колдонулат. Отундардын буулануучу заттарын ысырапка учуратпай натыйжалуу пайдалануу жанa аба мейкиндигин зыяндуу газдар менен булгабоо максатында отундарды энергохим. жол менен иштетүү азыркы талапка ылайыктуу жанa келөчеги кең.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.