Палана
Көрүнүш
Палана – Россия Федерациясындагы шаар. Коряк автономия округунун административдик борбору. Камчатка крайынын аймагында, Палана дарыясынын боюнда жайгашкан. Охота деңизинен 8 км аралыкта. Калкы 3,5 миң (2010). Тамак-аш (ири ишканасы «Корякрыба» ЖАК), түстүү металлургия («Корякгеолдобыча», платина, алтын, күмүш) өнөр-жай ишканалары иштейт. Край таануу музейи бар. Балык кармалып, беленделет (Усть-Хайрюзовск балык-консерва заводу).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9