Памфлет

Википедия дан

Памфлет (англис тилинен – колдогу барак) – сатиралык адабияттын кээ бир белгилүү адамдардын же партиялардын туура эмес тартиптерине карата өтө курч публицистикалык маанайда жазылган түрү. Ал өзүнүн типтүүлүгүнүн аздыгы, тарыхый фактыларынын молдугу, полемикалуулугу жана публицистикалуулугу менен айырмаланат.

  • Саясий памфлеттер,
  • Адабий памфлеттер болуп маани-маңызына карап ажыратылат.

Кыргыз адабиятында К. Баялиновдун “Господин Поинтонго менин сунушум” (1984-ж.) деген памфлети белгилүү, анда автор ошол мезгилдеги саясий абалга байланыштуу Орто Азия элдери Россияга колониялык эзүүдөгүдөй эле жашайт – деген ушактын жалгандыгын курч сатира менен ачып берүүгө аракеттенет.