Парагвай дарыясы

Википедия дан
Парагвай дарыясы.

Парагвай дарыясы (испанча Rio Paraguay, гуарани индейлеринин тилинде «деңиз булагы» дегенди билгизет) – Бразилия менен Парагвайдагы дарыя, Парана дарыясынын оң куймасы; айрым бөлүктөрү Парагвай, Бразилия жана Аргентинанын чек аралары аркылуу агат. Узундугу 2500 кмдей, алабынын аянты 1,2 млн км2дей. Бразилия бөксө тоосунан башталып, саздак Пантанал ойдуңун жана Гран-Чако түздүгүн кесип өтөт. Негизги куймалары: Рио-Бермехо, Пилькомайо (оң). Көп бөлүгү ийри-буйру нук менен агат; кумдуу тайыздыктар менен аралдар көп. Орточо чыгымы 4 миң м3/секдай. Жээги живопистүү; боюнда тропик токою жана жапайы апельсин дарактары өсөт. Канаттуулардан тукан, нанду жана тоту куштар мекендейт. Балык кармалат. Дениз кемелери Асунсьон шаарына, дарыя кемелери Консепсьон шаарына (айрым мезгилде Корумба шаарына) чейин жүрөт. Боюнда Парагвайдын улуттук аскер флоту (дарыя сууларына ылайыкталган) жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]