Гран-Чако

Википедия дан
Гран-чако.
Гран-чако (Парагвай).

Гран-Чако (исп. gran — чоң жана гварапитилинде chaco — аңчылык талаасы) — Түштүк Американын борбордук бөлүгүндөгү табигый аймак.

Аргентина менен Парагвайдан орун алган. Ла-Плата ойдуңунун түндүк бөлүгүн жана Анд тоолорунун этегин ээлейт. Климаты, түндүгүндө субэкватордук, борбордук бөлүгүндө тропиктик, түштүгүндө субтропиктик. Июлдун орт. температурасы 12—21°С, январдыкы — 26—30°С. Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 1200 мм, түштүк-батышта 500 мм ге чейин.

Ири дарыялары: Парана, Парагвай, Пилькомайо, Рио-Бермехо, Рио-Саладо. Кургакчыл сейрек токойлор (кебрачо, гуаякан, альгорробо), батышында ксерофиттүү бадалдар осот. Айбанаттары: тапир, пекар, кундуз, нутрия, саз бугусу, пума, ягуар.

Жыландар, канаттуулар ж. б. да көп. Нефть жана газ кендери бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.