Рио-Саладо

Википедия дан
Рио-Саладо.

Рио-Саладо (исп. Río Salado) – Аргентинадагы дарыя. Парананын оң куймасы. Жогорку агымында Гуачипас, андан төмөн Хураменто же Рио-де-Пасахе аталат. Узундугу 1300 км, алабынын аянты 160 миң км2дей. Борбордук Анд тоолорунан башталып, Гран-Чако түздүгү аркылуу салааларга бөлүнүп агат. Орточо чыгымы 15 м3/секдай. Жаанчыл мезгилде ташкындап, кеме жүрөт; кургакчыл мезгилде айрым жерлери туздуу көлдөр менен саздарга айланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]