Рио-Бермехо

Википедия дан
Рио-Бермехо.

Рио-Бермехо (исп. Rio Bermejo) – Түштүк Америкадагы дарыя. Парагвайдын оң куймасы. Аргентинанын түндүгүндө, Узундугу 1600/кмдей, алабынын аянты 133 миң км2. Борбордук Анд тоолорунун чыгыш капталдарынан башталып, Гран-Чако түздүгүндө салааларга бөлүнүп агат, ортонку агымында 400 кмдей. Өзүнүн мурунку куймасы Теуконун нугу боюнча агып өтөт. Орточо чыгымы 340 м3/сек. Пресиденсия-Рока шаарынан баштап анча чоң эмес кемелер жүрө алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]