Пеньков Николай Иванович

Википедия дан

Пеньков Николай Иванович (12.2.1931, ОСФСР, Алтай крайы, Усть-Пристоньский району, Романов айылы - 01.08.1997, Кара-Балта шаары) — Суусамыр өрөөнүнүн социалдык жана маданий тармактарынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон эмгектин ардагери.

Токмок шаарындагы атайын техникалык орто окуу жайын (1955) жана Алматыдагы байланыш электр техникумун бүтүргөн (1963). Суусамыр МТСинде механик-комбайнер, 1962-жылдан Суусамыр станциясында байланыш электр механиги болуп эмгектенген.

1973-жылы Суусамыр айылдык керек-жарак коомунун башкармалыгына шайланган. Ал кызматты 1991-жылга чейин ээлеген.

1970-жылы В. И. Лениндин 100 жылдыгы мааракелик медалы жана 1971-жылы «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган. 06лустук, райондук жана айылдык кеңештердин бир нече жолку депутаты болуп шайланган.

Ошондой эле кыргыздын каада-салтын жакшы билген, тамашакөй инсан болгон. «Жолуке уруусунанмын» - деп, тамашалап калаар эле.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9