Кара-Балта

Википедия дан
Кара-Балта шаары‎»‎ барагынан багытталды)
Туу
Туусу
Герб
герби
Өлкө

Кыргызстан

Облус

Чүй облусу

Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Калкынын саны

48,811 (2021)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор

Кара-БалтаЧүй облусунун Жайыл районундагы шаар, райондун борбору. Чүй өрөөнүндө, Кара-Балта суусунун боюнда, БишкекТараз (Казакстан) – Ташкент (Өзбекстан) автомобиль жолунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 780 м бийикте жайгашкан. Бишкек шаарынан 62 км, облустун борбору Токмок шаарынан 122 км батыш тарапта.

Шаар 1975-жылы 9-сентябрда Кош-Тегирмен шаарчасы менен Калинин кыштагынын бир бөлүгүнүн кошулушунан пайда болгон. Аянты 320,1 га. Калкы 37,8 миң (2009); кыргыз, орус, украин, өзбек, немец, казак жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Темир жол бекети бар. Шаарда облустун өнөр-жай продукциясынын 70%и өндүрүлөт. Уран жана алтын концентраттарын тазалоочу, тамак-аш (кант, спирт, ун, нан, сүт, консерва), электр-техникалык буюмдар, кийим тигүү өнөр-жай ишканалары, килем комбинаты, «Кыргызалтын» АКтын «Афинаж» заводу иштейт. Шаарда 11 орто, 2 башталгыч, 2 жатак, музыкалык жана спорт мектептери, китепканалар, 2 кесиптик лицей, тамак-аш жана медициналык окуу жайлары, Техникалык университеттин филиалы, Чүй университетинин окуу-консультация пункту, Хизрети Осмон атындагы Ислам дини боюнча жогорку окуу жайы, христиан диний окуу мектептери, 2 маданият үйү, музей, 2 кинотеатр бар. Үч поликлиника (анын ичинде тиш дарылоочу), 2 оорукана, 2 санитария-эпидемиология станциясы, банктар, базарлар иштейт. Шаардын чегинде мечиттер жана чиркөөлөр жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]