Пептондор

Википедия дан

Пептондорбелоктордун толук эмес гидролизинен алынган, түрдүү пептиддердин аралашмасыпан турган заттар.

Составында бош аминокислоталар, ди- ж-a трипептиддер бар. Пептондор белокко пепсин, трипсин ферменттери таасир эткенде, о. эле жегич же кислота эритмелери менен өтө этият гидролиздөөдөн пайда болот. Алардын аты жанa составы ал алынган белоктун түрүнө жараша (мис., эт Пептондор, балык Пептондор, жумуртка Пептондор ж. б.) аталат.

Пептондор микробиологияда түрдүү азык зат чөйрөлөрүн даярдоодо колдонулат

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.