Пермаллой

Википедия дан

Пермаллой [англ, perm(eability) — өткөргүчтүк жана alloyкуйма деген­ден] — никель менен темир куймалар тобунун жалпы аты.

Ал жогорку магнит өткөрүмдүүлүгү, коэрцит күчүнүн жана магнит гистерезисинин аздыгы менен мүнөздөлөт. Пермаллой аз никелдүү (ни­кели 40—50%) жана көп никелдүү (никели 70—83%) болуп айырмаланат. Радиотехникада, байланыш техникасында ж. б. тармакта кичине токту алууда колдонулат, Пермаллой магниттүү-жумшак материалдарга кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.