Петров Николай Николаевич

Википедия дан

Петров Николай Николаевич [2(14). 12. 1876, Петербург — 2. 3. 1964, Ле­нинград] — сов. хирург-онколог, сов. онкологияны негиздөөчүлөрдүн бири. СССР ИАнын корр. мүчөсү (1939), СССР МИАнын акад. (1944), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957).

Аскер-мед. академиясын бүткөн (1899). Варшава университетинин госпиталдык хирургия клиникасынын проф. (1912—13). 1926-ж. Ленинград онкология институтун (1966- жылдан Петров атн.) уюштурган жана жетектеген. Негизги ил. иши эксперименттик, теориялык жанa клиникалык онкологияга, о. эле рак ооруларын алдын алууга багытталган. Онлология боюнча орус тилиннде 1-жолу (1910) чыккан олуттуу эмгектин жана «Злокачественные опухоли» деген классикалык эмгектердин автору жана редактору.

Анын көп эмгектери туберкулёзду хирургиялык жол менен дарылоо, карын жана он эки эли ичегинин жарасы, трансплантация ж. б-ларга; арналган.

  • Лениндик сыйл. (1963), СССР мамл. сыйл.
  • (1942) жана СССР ИАнын И. И. Мечников атн. сыйл. лауреаты.
  • Үч Ленин ордени, башка 2 орден менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.