Петр Кокайсл
Петр Кокайсл (чех тилинде: Petr Kokaisl; 1972-жылдын 18-сентябрында Чехияда туулган) – чехиялык заманбап чыгыш таануучу, кыргыз таануучу, этнограф, тарыхчы, илимдин доктору, доцент.
Кыскача өмүр таржымакалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Петр Кокайсл Прагадагы Чех дыйканчылык университетин (České zemědělské univerzity v Praze) жана Карл университетинин философия факультетин (Filozofické fakulty Univerzity Karlovy v Praze) аяктаган.
Башталгыч мектепте, гимназияда, атайын орто мектепте жана жогорку тандалма мектепте окутуучу болуп иштеген.
2001-жылдан Прага шаарында жайгашкан Карл университетинин философия факультетинде этнология бөлүмүндө докторантурада окуй баштаган. Бул жайда доктордук диссертациясын жактаган.
Докторантурада жүргөн чагында Пардубице шаарындагы университетте гуманитардык билим факультетинде коомдук илимдер кафедрасын жетектеген.
Петр Кокайсл доктордук ишин жактаган соң Прагадагы Чех дыйканчылык университетинде эмгектене баштап, мында Экономикалык жана маданий изилдөөлөр бөлүмүн негиздөөчүлөрдөн болду.
Ушул тапта (2015-жылдын этегинде) ал аталган бөлүмдө доцент болуп эмгектенип келет.
2019-жылы Ош университетинин (ОГПУ) ардактуу профессору болуп дайындалган.[1][2][3][4]
Илимдеги, анын ичинде кыргыз таануу жаатындагы ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Петр Кокайсл маданий антропология, этностук азчылыктар, коомдогу өзгөрүүлөр, география, дин, гуманитардык илимдердеги методология жаатында изилдеп келет.
2000-жылдан тартып ал Кыргызстанга бир нече жолу келип, этнографиялык иликтөө жүргүзгөн.
Ошондой эле ал Кытай, Иран, Ооганстан, пост-советтик башка борбордук азиялык өлкөлөр сыяктуу мамлекеттерди да кыдырган.
Айрым саякаттарын жубайы Павла менен чогуу жүзөгө ашырган.
2013-жылы чех тилинде, анан орус тилинде жарык көрүп, эми (2015) кыргыз тилинде тартууланган китепте (Кокайсл П., Усманов А. Кыргызстандын тарыхы күбөлөрдүн көзү менен) авторлор 1917–1937-жылдары Кыргызстанда совет бийлиги кандай баа менен орногонуна көңүл бурушат. Коомдо болгон чоң өзгөрүүлөр, кызыл репрессияны баштан кечиргендер, алардын бала-чакаларынын аңгемелери архивдик документтер жана фотосүрөттөр менен коштолуп чагылдырылган. Бул эмгек Советтик Кыргызстан түзүлгөнгө чейинки Борбор Азиядагы саясый-экономикалык жагдай, орус падышачылыгынын тымызын баскынчылык саясаты, Кыргызстандын аймагына орустардын отурукташуусу, 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн себептери сыяктуу маселелерди да камтыйт.
Петр Кокайсл Тарбагатайдагы (КЭР) бутпарас кыргыздар тууралуу да этнографиялык иликтөө жүргүзгөн.
Үй-бүлөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Үй-бүлөлүү, төрт баласы бар.
Жубайы – илимпоз, этнограф Павла Кокайсл айым кыргызча суудай билет.
Негизги илимий эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Петр Кокайсл ондон ашуун китепти, көптөгөн илимий макалаларды жарыялаган.
- КОКАЙСЛ Петр, УСМАНОВ Амирбек. Кыргызстандын тарыхы күбөлөрдүн көзү менен. Ош: Ош мамлекеттик университети, 2015. - ISBN 978-9967-33-037-5. DOI 10.13140/RG.2.1.3206.2806
- KOKAISLOVÁ, Pavla, KOKAISL Petr. Ethnic Identity of The Baloch People. Central Asia and The Caucasus. Journal of Social and Political Studies. Volume 13, Issue 3, 2012, p. 45-55. ISSN 1404-6091 Archived 2015-10-31 at the Wayback Machine.
- КОКАЙСЛОВА, Павла, КОКАЙСЛ Петр. Этническая идентичность белуджей. Центральная Азия и Кавказ. Том 15, Выпуск 3, 2012. ISSN 1403-7068 Archived 2016-02-01 at the Wayback Machine.
- КОКАЙСЛ Петр, УСМАНОВ Амирбек. История Кыргызстана глазами очевидцев. - Прага: NOSTALGIE, 2013. ISBN 978-80-905365-4-8 DOI 10.13140/RG.2.1.4352.6485
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- http://www.azattyk.org/content/kokaisl_1916_uprising_central_asia_blog/27440912.html#hash=relatedInfoContainer
- Petr Kokaisl, Temir A. Žorobekov, Tursun T. Subanov Уйгуры в Кыргызстане – две разные части одного народа? Kulturní studia 1/2020 DOI: 10.7160/KS.2020.140102
- http://www.databazeknih.cz/zivotopis/petr-kokaisl-16141
- http://rus.azattyk.mobi/a/kyrgyzstan_history_interview_kokaisl/25122997.html
- http://www.central-asia.hks.re/beludz.php
- http://wp.czu.cz/cs/index.php/?r=1071&mp=person.info&idClovek=5659
- http://www.lideazeme.cz/clanek/jaci-nemi-obri Archived 2016-03-05 at the Wayback Machine