Полимерия

Википедия дан

Полимерия - аллелдик эмес ар башка доминанттык гендер бир эле белгиге таасир этип, аны күчөтөт. Мындай гендерди бир өңчөй же П-лык, ал эми алар аныктаган белгини полигендик деп аташат. Мында көп доминанттык аллендер бирдей күч менен бир белгинин өөрчүшүнө өзүлөрүнүн таасирин тийгизишип, белгинин байкалышын күчөтөт. Ошондуктан П-лык гендерди латын алфавитинин бир тамгасы менен цифралык индексин көрсөтүп белгилейт. Мисалы, А А1А2 А3 же а а1 а2 а3 жана башка у. с.

П-ны биринчи жолу швед генетиги Нильсон-Эле (1908) буудайларды аргындаштырууда ачкан. Ал буудайдын кызыл түсү П-лык (доминанттык) гендер менен аныкталып, бул гендердин генотипте болушуна байланыштуу, буудайдын түсү кочкул кызылдан мала кызылга чейин болорун байкаган. Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн полигендик көп белгилери бар, а. ч-га баалуулары; тездик менен өсүү, эрте бышуу, тооктордун жумуртканы көп берүүсү, бодо малдын сүттүүлүгү, жемиштерде, жашылчаларда кант жана витаминдердин узакка сакталышы жана башка

Адамдын терисинин пигментациясы П-лык гендер менен аныкталат. Негроид расасынын өкүлдөрүндө доминанттык аллелдер үстөмдүк кылат, ал эми европоид расасында рецессивдик аллелдер болот, мына ошондуктан эки расанын өкүлдөрүнүн ортосундагы никеден болгон мулаттарда, орто түстөгү теринин пигментациясы байкалат, бирок алар бири-бири менен никелешкенде аларда теринин кандай пигментациясы болсо, ошондой эле балдарында болот. Адамдын көп морфол. физиологиялык жана патол. өзгөчөлүктөрү П-лык гендер менен аныкталат: адамдын бою, денесинин салмагы кандын басымы жана башка

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]