Польдер

Википедия дан
Польдерлер (Германияда).

Польдер – оёңдуу деңиз жээктериндеги (маршилердеги) кургатылган участкалар. Деңиз деңгээлинен төмөн жаткандыктан, суу ташкынынан дамбалар, гидротехникалык курулмалар менен тосулат. Польдерлер жогорку түшүмдүүлүгү менен айырмаланып, көбүнчө айдалат. Негизинен Түндүк деңиздин жээктеринде (Нидерланд, Дания, Германияда), ошондой эле Япония жана АКШнын Атлантика океаны жак бөлүгүндө таралган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]