Поопо

Википедия дан
Поопо (1991).

Поопо (исп. Poopó) – Боливиядагы туздуу көл; Борбордук Анд тоолорунда 3690 м бийиктикте жайгашкан. Аянты 2,5–3 миң км2. Тереңдиги 3 мге чейин. Муз доорунун реликти болуп саналат. Жээги аскалуу, тик. Титикака көлүнөн башталган Десагуадеро дарыясына куят. Көлдүн көлөмү жана деңгээли жаан-чачынга жараша кескин (20 мге чейин) өзгөрүп турат. Жаанчыл мезгилде көлдүн суусунун жарымы Лакауира дарыясы аркылуу батышты карай агып чыгып, Койпаса көлүнө куят. Көлгө кайнатма туз жана талаа шпатынын кеңи жакын жайгашкандыктан, туздуулугу өтө жогору (түндүгүндө 30%оге, түштүгүндө 120%оге чейин). Суусунда балык бар; жээгин фламинголор байырлайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]