Португалдар

Википедия дан

Португалдар (өздөрүн португезиш деп аташат) – Португалиянын негизин түзгөн эл (9800 миң киши). Бразилия, АКШ, Франдия, Канада жана Германияда да жашашат. Жалпы саны 14 млн киши (2012). Португал тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү католик динин тутушат, протестанттар (иеговалар, мормондор, баптисттер ж. б.) да бар. Португалдардын этногенезинин калыптанышына кельттер катышкан лузитан уруулары (байыркы иберий уруулары) таасир берген. Римдик үстөмдүк доорунда (б.з.ч.II к.– V к.) калк романизацияга дуушар болгон. Свевдер менен вестготтордун (5–8-кылым), Португалиянын түштүк бөлүгүнө арабдардын (8–12-кылымдын 1-жарымы) этностук таасири тийген. 12-кылымда Португалияда өзүнчө мамлекет пайда болуп, португалдар улуту түзүлө баштаган. Өлкөнүн 1581–1640-жылдары Испанияга, 18–19-кылымда Улуу Британияга көз каранды болушунан улам португалдардын көбү (1 млн) иш издеп, Батыш Европа өлкөлөрүнө (негизинен Франция, Германия ж. б.) кетишкен. 1974–76-жылга чейин жүз миңдеген португал колониячылары Африкадагы Португалия басып алган мурдагы ээликтеринде (Ангола, Мозамбик ж. б.) жашап, бул өлкөлөр көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин, мекенине кайтып келген. Португалдар бразилиялыктардын улут катары калыптанышына таасир эткен. Португалдар дыйканчылык, мал чарбачылык, балык уулоочулук жана багбанчылык менен эмгектенет. Аялдары кенен тигилген юбка, кофта кийип, алжапкыч тагынып, башына жоолук салынган. Эркектери гетра менен кыска шым, күрмө, башына сомбреро кийип (түндүгүндө түймө калпак), белине жазы кур курчанган. Улуттук тамак-ашы – куурулган балык, моллюска, жүгөрүдөн даярдалган шорпо.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]