Пурус

Википедия дан
Пурус.

Пурус (исп. Purus) – Перу менен Бразилиядагы дарыя, Амазонканын он куймасы. Узундугу 3200 км, алабынын аянты 365 миң км2. Перудагы Анд тоолорунун чыгыш этегинен башталып, ийри-буйру нук менен агат. Орточо чыгымы 12,6 миң м3/сек. Башынан аягына чейин кеме жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]