Мазмунга өтүү

Раймон Арон

Википедия — ачык энциклопедия
Раймон Арон
Толук аты-жөнүРаймон Арон
Англис тилиндеRaymond Aron
Төрөлгөн14.3.1905
Париж, Франция
Көз жумган17.10.1983
Париж, Франция
ДоорXX кылымдын философиясы
АймакБатыш философиясы
Олуттуу идеяларыпостөндүрүштүк коом
Арон кол жазма таштаган китеп

Раймон Арон (франц. Raymond Aron, 14 март 1905, Париж — 17 октябрь 1983, Париж) – француз социологу, философ жана публицист, «индустриалдык коом» теориясын негиздөөчүлөрүнүн жана түзүчүлөрүнүн бири.

Өзүнүн философиялык-социалдык эмгектеринде ал салыштырмалуу-тарыхый анализге таянып, «социалдык индустриалаштырууну» же «технологиялык детерминизм» концепцияларын колдонуп, «индустриалдык коом» теориясын өнүктүргөн.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин өнүккөн өлкөлөрдөгү өндүрүштөгү, керектөөдөгү олуттуу өзгөрүүлөрдү баалоо аркылуу Арон аларды өндүрүштү автоматташтыруунун, эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун, өндүрүлгөн продукциянын көлөмүнүн өсүшүнүн натыйжасында келип чыккан «жаңы өнөр-жайлык көңтөрүш» катары аныктоого аракет жасаган.

Кийинчерээк Арон өнүктүргөн «индустриалдык коом» теориясына дал келген окшоштук (аналог) катары «элдик капитализм», «гумандуу экономика», жалпы жыргалчылыктагы мамлекет түшүнүктөрү келип чыккан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]