Рапти

Википедия дан
Рапти.

Рапти (хинди राप्ती नदी) – Непал менен Индиядагы дарыя, Гхагхра дарыясынын (Гангдын алабы) сол куймасы. узундугу 600 км, алабынын аянты 30 миң км2дей. Гималай тоолорунан башталып, Сивалик тоосунан кууш капчыгай аркылуу өтөт; төмөнкү агымы Ганг түздүгү боюнча агат. Жайкысын кирет. Сугатка пайдаланылат. Горакхпур (Индия) шаарынан төмөн кеме жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]