Рахматов, Абдыразак

Википедия дан

Рахматов Абдыразак (1940-ж. т., Жети-Өгүз району, Саруу айлы) — экономист, экономика илимдеринин доктору (1993).
1965-ж. Кыргызстан мамлекеттик айыл чарба институтунун зоотехния факультетин бүткөн.
1965—71-ж. Кочкор районунун Жданов атындагы колхозунда башкы зоотехник, 1971—76-ж. Кыргыз айыл чарба министрлигинин эмгекти илимий уюштуруу борборунда бөлүм башчы болуп эмгектенген.
1976-жылдан Кыргызстан айыл чарба институтунда: адегенде доцент, 1988—93-ж. экономика жана менеджмент факультетинин деканы, 1993-жылдан менеджментти уюштуруу кафедрасынын башчысы.
50ден ашык илимий эмгектин (анын ичинде экөө монография) автору. Илимий иштери негизинен Кыргызстандын айыл чарба өндүрүшүн башкарууну уюштуруу жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга арналып, кийинки кезде ал проблемаларды рыноктук шартта өркүндөтүүнү талдоого багытталган. Анын илимий-техникалык жетишкендиктердин алдыңкы тажрыйбаларын айыл чарбасына киргизүү боюнча сунуштары Республикадагы 140тан ашуун чарбанын өндүрүшүндө кеңири колдонулуп, жакшы натыйжаларды берген.
Айыл чарба адистерин даярдоодо да зор эмгек сиңирген. Жогорку окуу жайлары үчүн эки окуу китебин жазган.
Рахматов эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын бир нече жолку чемпиону, ошондой эле Орто Азия жана Казакстандын (1961) чемпиону, СССР спортунун мастери. «Ардак» ордени менен сыйлантан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.