Реаниматология

Википедия дан
Реаниматология

Реаниматология — клиникалык медицинанын киши организминин функцияларынын өтө начарлашын жана аны калыбына келтирүү закон ченемин изилдөөчү жана реанимация менен интенсивдүү терапия методдорун иштеп чыгуучу бөлүгү.

Реаниматологиянын ыкмалары жана түшүнүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлүп бараткан адамды тирилтүү максатында кан куюу, кан алуу, жүрөктүн тушун укалоо байыртан эле колдонулган. Реаниматология өлүмдүн алдын алуу ыкмаларын изилдейт. Мында активдүү, кээде узакка созулган интенсивдүү дарылоо, ал тургай өтө начарлаган негизги функцияларды алмаштырууга туура келет. Реаниматологияда клиникалык өлүм жана өмүр менен өлүмдүн ортосундагы абал жөнүндөгү түшүнүк негизги орунду ээлейт. Реаниматология иштеп чыгарган ыкмаларды практикада колдонуу реанимация деп аталат. Ири ооруканаларда клиникалык өлүмгө учураган же кризис абалындагы оорулууну дарылоо үчүн атайын реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрү уюшулган (Жасалма дем алдыруу, Жүрөк массажы, Реанимация).

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8