Резистент

Википедия дан

Резистенттүүлүкорганизмдин оору пайда кылуучу факторлордун таасирине туруктуулугу.

Резистенттүүлүк тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал организмдин жеке өөрчүшүнө жана анатомия-физиологиялык өзгөчөлүгүнө, башкача айтканда нерв системасынын жана ички секреция бездеринин (гипофиз, бөйрөк үстүндөгү без, калкан сымал без) функциясына жана башкаларга жараша болот. Резистенттүүлүк организмдин функциялык абалына жана сырткы чөйрөгө ыңгайланышына байланыштуу.
Кээ бир жаныбарлар чээнге кирүү мезгилинде микробдуу агенттердин, мисалы, селейме жана дизентерия токсиндерине, кургак учук, чума, күйдүргүнүн козгогучтарына туруктуу болору белгилүү. Такай ачка болуу, өтө чарчоо, психикалык травма, уулануу, суукка урунуу жана башкалар ооруга түрткү болуучу фактор болуп эсептелип, резистенттүүлүктү төмөндөтөт. Азыркы мезгилде ар кандай эмдөө жүргүзүү, организмди чыңдоо, оору козгоочу микроорганизмдерге каршы күрөшүү жана башкалар чараларды көрүү резистенттүүлүктү жогорулатууда.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8