Ретинит

Википедия дан
Ретинит

Ретинит (латын тилинен retina — «торду кап») — көздүн ички тор кабыкчасынын сезгенүүсү.
Оорунун пайда болушуна организмдеги ооруган мүчөдөн кан тамыр аркылуу микробдордун көздүн тор кабыкчасына келип түшүүсү себеп болот. Ага жалпы организмдин оорусу: жугуштуу оорулар, зат алмашуунун бузулушу, кант диабети, учук, кулгуна, кызыл жүгүрүк, токсоплазмоз жана башка оорулар жана түрдүү кырсыкка учуроо түрткү берет.

Себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оорунун башталышында көздүн тор кабыкчасындагы нерв клеткалары жабыркайт. Көздүн курчу кетип, оорулуу начар көрө баштайт. Эгерде сезгенүү тор кабыкчанын борборунда башталса көз тез аранын ичинде көрбөй калышы ыктымал. Сезгенүү тор кабыкчанын чет жагынан орун алса, ал оорулуу күүгүмдө, түн ичинде начар көрүп калат. Оорунун алгачкы белгилери билинери менен врачка кайрылуу керек. Врач аны атайын аспаптардын жардамы менен аныктап, ооруга чалдыктырган негизги дартка каршы дарылоо жүргүзөт.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ретиниттин алдын алууда организмдин ооруларынан, урунуудан этият болуу керек.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8