Риноспоридиоз

Википедия дан

Риноспоридиоз - адам жана жаныбарлардын өнөкөт микоз оорусу.

Мында мурун, ооз, көз, кулак, кекиртектин былжыр чели карттанат. Риноспоридиоз жөнүндө биринчи жолу Аргентинада (1892) баяндалган. Көбүнчө жылкы, уй чалдыгат. Изилдөөчүлөрдүн бир даары Риноспоридиоз - балык ылаңы, адам менен айбанатта кокусунан пайда болот деп божомолдойт. Диагноз клиникалык белгилердин жана лабораториялык изилдоолөрдүн негизинде коюлат. Дарылоо: кайруу, картты сыйруу. Атайын профилактикасы жок.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.