Рио-Дульсе
Көрүнүш
Рио-Дульсе (исп. Rio Dulce) – Аргентинанын түндүк- батышындагы дарыя. Узундугу 650 кмдей. Сали деген ат менен Анд тоолорунан башталат; Гран-Чако түздүгүнүн түштүгүндө салааларга бөлүнүп, Мар-Чикита көлүнө куят. Орточо чыгымы 80 м3/секдай. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Сантьягодель-Эстеро шаары жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9