Рисоржименто

Википедия дан

Рисоржименто (итал. Risorgimento – кайра жаралуу) – чет элдик үстөмдүккө (Австрия эзүүсүнө) каршы жана бытыранды Италияны бирдиктүү бир мамлекетке баш коштуруу үчүн италян элинин улуттук-боштондук кыймылы, ошондой эле ушул кыймыл болуп өткөн мезгил (18-кылымдын аягы – 1861-ж.); 1870-ж. Рисоржименто Римдин Италия королдугуна кошулушу менен биротоло аяктаган. Рисоржиментонун негизги мааниси революциялык жол менен феодалдык- абсолюттук тартиптин жоюлушу жана буржуазиялык түзүлүштүн орношу болгон. Рисоржименто абдан өнүккөн учурларда буржуазиялык жана буржуазиялык-демократиялык революцияга чейин өсүп жетип, эл массасы чечүүчү роль ойногон. Натыйжада Италия мамлекети конституциялык-монархиялык негизде бириккен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]