Ровнягин, Василий Петрович

Википедия дан

Ровнягин Василий Петрович (1865, Жетисуу облусу, Кичи-Алматы станциясы – 1918, Токмок) – агартуучу, коомдук ишмер, край таануучу.
Ташкен семинариясын бүткөндөн баштап өмүрүнүн акырына чейин 37 жыл бою Токмокто агартуу иштеринде эмгектенген. Орус мектеп ачып, анда мугалим, кийин директор болгон. И. Т. Понамарев менен бирге Ровнягин Чүй, Кемин, Жумгал, Суусамыр өрөөндөрүндөгү археологиялык эстеликтерди изилдеген.
Эл арасынан кыргыз жомокторун, уламыштарын жазып алган. Кыргызстандын кен байлыктарын иликтеп, минералдардын, өсүмдүктөрдүн жана курт-кумурскалардын үлгүлөрүн жыйнаган. Жыйнаган маалыматтар менен коллекцияларын Петербургдагы орус географиялык коомуна жиберип турган.
Кыргызстанды жана ага жакын аймактарды изилдешкен И. Мушкетов, Ф. Поярков жана башкалар окумуштууларга көмөктөшкөн. Ровнягин Токмок шаарында суу ташкынынан коргоочу дамбаларды куруу, Ысыката минералдуу суусун пайдалануу, бал челекчиликти өнүктүрүү, маданий агартуу мекемелерин ачуу сыяктуу иштери менен чөлкөмдүн калкына кеңири белгилүү болгон.
Ровнягиндин «Токмоктун жанындагы Бурананы сыпаттап жазуу» (1896), «Ысыката минералдуу суусу» (1907), «Токмок» (1912) жана башкалар макалалары Түркстандын жана Жетисуунун гезит, журналдарына басылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]