Рухолла Хомейни

Википедия дан

Имам Хомейни امام خمینی[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рухолла аль-Мусави аль-Хомейни 1902-жылы 24-сентябрда Хомейн деген шаарда ислам динин бекем туткан дин кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жаш кезинде атасынан, 15 жашка чыкканда энесинен айрылат. Ал жетимдиктин өтө катаал сыноосуна туруштук берет. Бирок, 15 жашка чейин ал ата менен эненин тарбиясын алууга жетишкен. Хомейнинин ыймандуу адам болуп калыптанышына атасы Сейит Мустафа Мусави, энеси Хажардын жакшынакай тарбиясы таасир берген. Анын ата-энеси өз жашоолорунда ислам дининин эрежелерин бекем сактап, Кудурети күчтүү Кудайдын адамзатка койгон буйруктарын так аткарышкан. Үй-бүлөдө бири-бирине жасаган мамиле дагы ислам дининин тартиптери менен калыптанып, ар кимиси өздөрүндөгү начар мамилелерди (таарынуу, калп айтуу, кайдыгерлик, орой мүнөздөрүн – А. О.) оңдоого аракет жасашкан. Алардын үй-бүлөсүндө адилеттүүлүк өкүм сүргөн. Ошондуктан Хомейни бала кезинен эле үй-бүлөсүнө, жолдошторуна, шакирттерине, дин кызматкерлерине калыс мамиле жасап, адилеттүүлүк үчүн өмүр бою күрөшкөн. Ал эми адилетсиздик өкүм сүргөн шахтын бийлигинде адамдардын укуктары тебеленип, элдин байлыгы болгон «кара алтын» чет өлкөлүктөр менен бирдикте уурдалып, карапайым элдин акысын жеген жемкорлор Кудайга жакпаган иштерди жасашкан. Адилеттүүлүк тууралуу Ыйык Куранда мындайча түшүндүрмө берилет: «Чындыгында Аллах адилеттүүлүктү, жакшылыкты жана тууган-урукка кайрымдуу болууну буйруп, уятсыздыктан капырлыктан жана чектен ашуудан тыят. Аллах сиздерге (ушундайча) насыят берет. Балким түшүнөөрсүңөр». Ошондуктан, Хомейни жаш кезинен эле адилеттүү, чынчыл, таза адам болуу кыйын, жана татаал экенине карабастан адилеттүүлүктөн, акыйкаттан тайбай өмүр кечирүүнү көздөгөн. Хомейнинин билимдүү жана ислам динин кастарлаган, сыйлаган адам болуусуна ал окуган диний медреселер, институттар өз таасирин берген. Ал медреседе билим алган күндөн баштап, Ыйык Куранды баш көтөрбөй окуп, башка балдарга өзүнүн жүрүм-туруму, токтоолугу, эске тутуу жөндөмдүүлүгү менен үлгү болгон. Хомейни башталгыч диний медреседе окуп жүргөндө эле арабча кооз жазганды үйрөнүп, перс адабиятын өтө берилүү менен окуган. Өзгөчө перс поэзиясын калыптандырган белгилүү акындардын ырын жатка билген. Анын ата-бабасы ыйык тутуп келген ислам динин тереңдетип окуу менен диний аалым болууну медреседе окуп жүргөндө эле алдына чоң максат катары койгон. Ал илим менен Куран жолунда адилеттүү иштерди чечүүгө боло тургандыгын аныктаган. Өлкөдө Ислам бийлигин орнотуп, адилеттүү, калыс башкарууну киргизүүнү өз эмгектеринде сунуштаган. Хомейни жаштык курагын жалаң диний билим алуу менен өткөзгөн. Ал ислам дининин илими менен бирдикте философияны, укукту, тарыхты, адабиятты, педагогиканы, саясатты дагы терең изилдөөгө жетише алган. Анын Ирандагы белгилүү ислам аалымдарынан артыкчылыгы, өзгөчөлүгү мына ушунда болгон. Ал тургай Хомейни Иран поэзиясынын сырдуу дүйнөсүнө саякат жасоодон тайманбастан, байыркы перстердин салттуу поэзиясын улаган. Имам Хомейни тарыхта ислам динине ак кызмат өтөгөн аалым, өз элининин эркиндиги үчүн революциялык чакырыктарды уюштурган саясий ишмер, байыркы иран поэзиясын терең сүйүп чыгармачылыгын өркүндөткөн акын катары белгилүү болгон инсан. Бирок имам өзүнүн поэзияга болгон ышкыбоздугун өз окурмандарынан жашырып, эч кимге билдирбей жүрөгүнүн, түпкүрүнөн оргуштап чыккан ыр саптарын кагаз беттерине түшүрүп жүргөн.

Имам Хомейнинин чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын поэзиясынын жазылыш ыкмасы персиялык атактуу акындар Хафиз менен Хайямдын ыр саптарына окшоп кетет. Анткени өз учурунда персиялык акындардын газелдары, рубаилери, таржибандары, фардылары жаш акындарды ыр жазууга үндөгөн, шыктандырган ыкма катары кеңири таралган. Имам Хомейнинин көзү өткөндөн кийин, келини Фатиманын демилгеси менен жарыкка чыккан «Сүйүү шарабы» (1989-жылы) аттуу ырлар жыйнагы тез эле карапайым элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Анын жазган газелдери абдан уккулуктуу, жагымдуу болгондуктан, алардын көпчүлүгү эл ичинде обонго салынып ырдалып жүрөт. Ал 1944–1961-жылдары ислам динине арналган отуздан ашуун илимий эмгектерди жазган. Хомейнинин устаттарынын бири Мухаммад Секафи Техрани 1924-жылы өзүнүн кызы Батул ханумду ага колуктулукка берүүгө макулдугун берген. Кайын атасынын батасын алган, Хомейни үй-бүлөлүк турмушунун аягына чейин бактылуу болгон.

Имам Хомейнинин үй бүлөсү жана балдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал аялы экөө барга да, жокко да кайыл болуп, жети баланы тарбиялап өстүрүшкөн. Бирок, өз канынан чыккан балдардан ажыроо азабын Хомейни жана аялы экөө өз баштарынан өткөрүшкөн, анткени, үч баласы жаш кездеринде эле ооруга чалдыгып көз жумган. Эң улуу баласы Мустафаны 1977-жылы ноябрда Иракта, шахтын тыңчылары уу берип өлтүрүшкөн. Улам бир баласынан ажыроо ата менен энеге кандай оор, кандай кайгылуу, кандай муңдуу. Бирок, Хомейни Кудайдын бул сыноосуна дагы сабырдуулук, токтоолук менен жооп берген. Ал аялына да, туугандарына да кайрат айтып, Кудурети күчтүү Кудайдан калган балдарынын өмүрү узун болуп, өздөрүнө ыйман берсин деп тилегиле дечү. Хомейнинин кыздары татынакай жана акылдуу болуп чоңоюшкан. Мусулмандардын салты боюнча өзүнүн устазы Боружерди менен кудалашып, бир кызын анын уулуна нике кыйышкан. Анын кудаларынын баары ислам динин бекем туткан, ыймандуу үй-бүлөдөн болгон. Аятолла Хомейни өмүрү өткүчө аялын, балдарын сыйлап, аларга өзүнүн кеп-кеңешин акылын айтып турган. Ал исламдагы үй-бүлөлүк адеп-ахлакты өтө ыйык тутуп, аягына чейин бекем сактаган.

Имам Хомейни жана революция[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал жашаган коом аны Ислам революциясын ишке ашырууга түрткөн. Анткени, Иран шахтарынын (Пехлеви хандыгын негиздөөчүсү Реза шах – 1925–1941-жж. анын мураскору – Пехлеви Мухаммед Реза шах (1941-1979 ж. ж.)) биринен-бири өтүп, Иран элинин канын кактабай соруп, өз башкарууларында зулумдуктун, бети жоктуктун, жүзү каралыктын, ач көздүктүн, адилетсиздиктин, ыймансыздыктын чегине жетишкен. Жаш кезинен жөнөкөйлүккө, кичи пейилдикке жана чыдамкайлыкка тарбияланган Хомейни жеке турмушу жөнүндө кам көргөн эмес. Ал байлык топтоо жана бийликке жетүү деген ойлордон алыс болгон. Анын бул жашоодо урматтаганы жалгыз гана Кудай болгон. Ал өзүнүн шакирттерине: «Силер, Иран элине чексиз бийлик жүргүзгөн адилетсиз шахтан коркпогула, шахка жан талашып жардам берип жаткан дүйнөдөгү эң ири мамлекеттер болгон АКШ, Израиль, Англия, СССРден коркпогула, силер Кудурети күчтүү, бизди жараткан Кудайдан корккула. Анткени, Кудай баарынан Улук – деп айткан. Имам Хомейни узак жылдар бою өз элинен, мекенинен алыс чет өлкөлөрдө саясий сүргүндө жүргөн мезгилдери өтө кооптуу жана коркунучтуу болгон. Анын өмүрү кылдын учунда эле. Ирандын шахы, АКШ, Израилдин тыңчылары ыңгайы келген учурда анын көзүн тазалоого даяр турушкан. Имамдын чет өлкөдөгү революциялык ишмердүүлүгүнүн ар бир кадамына, ар бир кыймылына көз салып турушкан. Анын артынан дайыма тыңчылар коюшкан. Имам Хомейнинин революциялык чакырыктарын колдоп демонстрацияга чыккан жаштардын кѳпчүлүгү шахтын аскерлеринин окторунан курман болушкан. Өз элинин эркиндиги, бактысы үчүн курман болгон күндөрдү ыйык күн катары аза күтүүлөрдү уюштуруп турган. Өлкөдө Исламдык башкарууну орнотуу үчүн курман болгон ар бир адамдын өлүмү Хомейнинин жүрөгү аркылуу өткөн. Алардын өлүмү аны чоң кайгы-муңга бөлөгөн. Мына ушулардын баарын башынан өткөрүп, 60 жаштан ашканда Ирандагы Ислам Революциясын ишке ашырууну жетектеген, анын алгачкы жылдардагы кыйынчылыктарын, жеңиштен кийинки өлкөдөгү өтө оор күндөрдү дагы жүрөгү менен кабыл алган. Ошол кыйын кезеңдерде Имам Хомейни ден соолугун кароого убактысы болгон эмес. 1980-жылы февралда Иран Ислам Республикасынын лидери Имам Хомейни инфаркт болуп, Тегерандагы жүрөк оорусун дарылоочу ооруканага жеткирилген. Ал жерде аны өлкөнүн эң мыкты дарыгерлери карашып, бир айдан ашык дарылап, андан соң аны үйдө дарылап көзөмөлгө алып турушкан. Эми Имам Хомейни акырындан ден соолугун чыңдап, өзү өмүр бою эңсеп келген исламдык башкарууну андан ары бекемдеп, чыңдап жана өнүктүрүү багытында иштеп жаткан. Иран Ислам Республикасынын ички жана тышкы саясатына дайыма көз салып, өлкөдөгү ислам башкаруунун Лидери катары өз пикирин айтып, аларга көрсөтмө берип турган. Ал өлкөнүн исламдык багытта башкарууда карапайым элге адилеттүү чечим чыгаруу керектигин оорулуу жүрөгү менен сезчү. Ал эми адилетсиздик өкүм сүргөн башкарууда жетекчилердин акыйкаттуулугу жоголуп, жөнөкөй адамдардын укуктары басмырланып, мамлекеттик кызматкерлердин бой көтөрүүсү, менменсинүүсү күчөп, мансапкорлук пайда болорун мурдагы шахтын бийлигинен көргөн. Исламдык башкарууда ал ишенген министрлер карапайым элдин күнүмдүк суроо талабын чечүүдө адилеттүүлүктөн тайып, өз бийлигине таянып, ага көз каранды болгон кызматкерлерди кордоп, кемсинтип, же алардын эмгек акысын жесе, жамаатта теңсиздик, эки жүздүүлүк, жалган ушактар өкүм сүрсө, анда Ислам Революциясынын жеңиши акырындап кыйроого учурашына көзү жеткен. Имам Хомейни жүрөгү сыздап ооруп жатса дагы касиеттүү Кудайдын зор кудуретине тобо кылып, өзүн сабырдуу кармап, кайрымдуулук иштерин уланткан. Бул анын ислам дининин баалуулуктарына зор көңүл буруп урматтаганынын далили эле. Мындай абал 1988-жылга чейин созулду. Туптуура сегиз жылдан кийин Имам Хомейнинин жүрөгү үчүнчү инфаркка кабылган. Бул сапар ал өлкөнүн экономикасын көтөрүү, Иран-Ирак согушу, ички саясий интригалар сыяктуу оор маселелерди чечүүгө бүт күчүн жумшагандыктан, жүрөгү мындай оор жүккө чыдаган эмес. Имам Хомейнинин такыбалыгы сабырдуулугу, ден соолугун чыңдоого жардам берип турду. Анын акыбалынын өтө оор экендигине карабастан, Иран Ислам Республикасынын ички жана тышкы иштери боюнча көптөгөн оор, татаал маселелерди ислам бийлигинин Лидери Хомейни менен кеңешүү үчүн мамлекеттик жооптуу кызматта иштеген жетекчилер дайыма келип турган. Анткени, кеңешип иш жасоо – бул мусулман адамдардын негизги милдети. Мечитте жамаат менен кеңешүү, окуу жайда аалым мугалимдер менен кеңешүү, Мажлисте депутаттар менен кеңешүү – сөзсүз жакшы жыйынтыгын берген. Ал эми бүтүндөй Иран элинин эртеңки келечеги үчүн анын Лидери Имам Хомейни менен кеңешүү зарылдыгы турган.

Имам Хомейнинин акыркы күндөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Имам Хомейни Кудайга миң мертебе тобокел кылып, жүрөк оорусунун татаалдыгы, өмүрүнө чон коркунуч туудурганына карабастан өзүнүн революциялык ишмердүүлүгүн акырындап улай берген. Акыркы кеңештерин жана сунуштарын ал ден соолугуна карабастан, чын ниети менен берүүгө аракет жасаган. Дарыгерлер анын жүрөгүнүн согушу улам басаңдап, ашказанынын тамак сиңирүүсү начарлап, дем алуусу оордоп баратканын Хомейниге түшүндүрүп, ага сөзсүз түрдө операция жасоо керектигин билдиришкен. Бардык оор нерселерди сабырдуулук, токтоолук менен көтөрө билген Имам бул сапар дагы Кудурети күчтүү Кудайдын ага берген сыноосуна тобокел жасап, операция жасоого уруксатын берген. Атасынын жанында уулу Ахмед жана эң мыкты дарыгерлерден турган топ күн-түн дебей, анын ден соолугуна көз салып турушкан. Бирок күн сайын анын абалы оордоп, өз алдынча аракеттенүүгө дарманы келбей бирөөлөрдүн жардамына муктаж болгон. Ал өз алдынча тура албай жатса дагы бирөөлөрдүн жардамы менен намаз окууга, аракеттенип намазды өмүрүнүн аягына чейин таштабагандыгын жана өзүнө дайыма келме келтирип жаткандыгы абдан таасирдүү. 1989-жылы 3-июлда түнкү саат ондон кийин Имам Хомейнинин жүрөгү сокпой, жарык дүйнө менен түбөлүккө коштошкон. Анын сүйүктүү үй-бүлөсү, бала-бакырасы, неберелери, шакирттери, карапайым эл оор кайгынын муңун жутуп, каңырыгы түтөп кала беришкен. 4-июлда Иран Ислам Республикасынын Эксперттер Кеңешинин аза күтүү жыйынында Аятолла Хаменеи Имам Хомейнинин Иран элине жазып кеткен аманатын, кайрылуусун окуган. Ал кайрылуу мындай сөздөр менен башталган:

«Көңүлүм жай, кубанычтуу жана ишенимдүү сезимдерим менен Жараткандын акылмандыгына болгон үмүтүм менен диндеш бир туугандарым менен коштошуп, түбөлүк дүйнөгө баратам. Мен силердин мага арнап дуба кылып турушуңарга муктажмын. Ыракымы жана ырайымы артык Кудайдан билип-билбей кетирген күнөөлөрүмдү, каталарым менен кемчиликтеримди кечирүүнү сурайм жана менин каталарым менен кемчиликтеримди эл да кечирип, алга карай кубаттуу жана ишенимдүү кадам таштайт деп үмүт кылам...». 

Ошентип, 1989-жылы 5-июнда Мусалла аянтында ислам дининин шарты менен Имам Хомейниге жаназа окулган. Миллиондогон Тегерандыктар жана Ирандын туш тарабынан келген мусулмандар өздөрүнүн сүйүктүү адамы менен акыркы жолу коштошууга келишкен. Сөөктү жерге жашырар мезгилде көрүстөнгө келген элдин саны 9 миллион адамга жеткен деген маалыматтар бар. Имам Хомейнини акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү да даректүү фильмге тартылып алынган экен. Андагы кадрда көчөлөргө батпаган кыжылдаган элдин толкуну ары-бери чайпалат. Жашы-карысы дебей баары аза күтүп, көпчүлүгү өкүрүп-бакырып ыйлап, өздөрүн төшкө, башка койгулап, Имамдын сөөгү салынган табыпка жулунгандарын көрүп, Хомейниге болгон ишеним жана сүйүү чексиз экендиги байкалат. Өз максаттары үчүн ажалдан кайра тартпаган, сүйүктүү Лидерин эл акыркы сапарга өтө кайгы-муң менен узаткан. Ошентип, Имам Хомейни Ислам революциясынын лидери катары тарых барактарында жазылып, Ислам революциясынын жеңиш күнү ар бир жылдын (22-бахман айы) 11-февраль күнү өткөрүлүп келет.

Окшош булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • توهم توطئه روح‌الله خمینی–انگلیسی
  • اشعار سید روح‌الله خمینی
  • بازگشت سید روح‌الله خمینی به ایران
  • دیوان امام (کتاب)
  • آرامگاه روح‌الله خمینی
  • سید احمد خمینی
  • سید مصطفی خمینی
  • خدیجه ثقفی
  • میرحامد حسین موسوی
  • دیوید بارنت
  • سید مرتضی پسندیده برادر دوم
  • سید نورالدین هندی برادر بزرگ‌تر

Фарсы тилиндеги булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • میلانی، عباس. نگاهی به شاه. تورنتو: پرشین سیرکل، ۱۳۹۲.
  • یادنامه روزنامه شرق، ۱۲ خرداد ۸۴
  • پایگاه اطلاع‌رسانی امام خمینی
  • صحیفه نور

Латынча булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Abrahamian, Ervand. “The Paranoid Style in Iranian Politics”. In Khomeinism. Berkeley: California University Press, 1993. 111–131. ISBN ‎0520085035. Retrieved 4/11/2014.
  • Milani, Abbas. Eminent Persians: the men and women who made modern Iran, 1941-1979. vol. 2. New York: Cyracuse University Press, 2008. 1221. ISBN ‎978-0-8156-0907-0.
  • Milani, Abbas. The Shah. New York: Palgrave Macmillan, 2011. ISBN ‎978-1-4039-7193-7.
  • Khomeinism: Essays on the Islamic Republic, Ervand Abrahamian, University of California Press,1993, ISBN 0-520-08173-0
  • Saikal, Amin. The rise and fall of the shah. Princeton, New Jersey: Princeton University Press, 2009. 279. ISBN ‎978-0-691-14040-7.

Сырткы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • پرتال روح‌الله خمینی
  • پایگاه گسترش آراء و اندیشه‌های روح‌الله خمینی
  • کارت پستال‌های قدیمی آیت‌الله خمینی shahrefarang.com
  • روح‌الله خمینی دائرةالمعارف بزرگ اسلامی

Инсандар, саясат