Рушан кырка тоосу

Википедия дан

Рушан кырка тоосуПамирдеги Түндүк Аличур кырка тоосунун батыштагы уландысы. Тажикстандын аймагында. Узундугу 120 кмдей. Бийиктиги 7080 м (Патхор чокусу) чейин. Гранитоид, метаморфизмделген жана чополуу сланецтер, кварцит, кумдук, акиташ теги, гнейс тоо тектеринен түзүлгөн. Кырына рельефтин альп тибиндеги формалары мүнөздүү. Мөңгү көп. Капталдарында бийик тоолуу чөл жана жарым чөл (2600 мге чейин), талаа (2600–3000 м) жана шалбаа (3200–4000 м) өсүмдүктөрү, дарыя өрөөндөрүндө чырканак, кайың, бай терек, долоно өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]