Рыскулов Рамис

Википедия дан
Рыскулов Рамис (Аймаран)‎»‎ барагынан багытталды)

Рыскулов Рамис (Аймаран) - акын, котормочу, сүрөтчү.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рамис Рыскулов Чүй облусунун Москва районунун Кызылтуу айылында 1934-жылы 9-сентябрда туулган.

1951-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Москва шаарындагы ВЛКСМ Борбордук Комитетине караштуу Борбордук Комсомол мектебине жөнөтүлөт. Бул мектептеги 2 жылдык окуудан кийин М. Горький атындагы Бүткүл Союздук адабият институтуна өтөт.

Эмгек жолун «Кыргызстан пионери» гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган, кийин «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында, 1959–1960-жж. «Ала-Тоо» журналынын редакциясында эмгектенген.

Анын ырлары «Кыргызстан маданияты», «Эркинтoo» ж.б. гезит беттеринде жарыяланган. Акын ак ырды киргизүү менен кыргыз совет поэзиясын жаңырткан.

Биринчи ырлар жыйнагы “Жаз” 1959-жылы жарык көргөн.

Ал кыргыз тилине А. С. Пушкиндин, В. В. Маяковскийдин, Н. А. Некрасовдун, Л. Вознесенскийдин, X. Алимжандын ж. б. чыгармаларын которгон.

1986-жылы «Ырлар» жыйнагы А. Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон.

1959-жылдан ССРС Жазуучулар союзунун жана 1990-жылдан ССРС Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

1987-жылы ССРС Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн лауреаты болгон.

Кыргызстан ЛКЖС Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1995-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери”, 1996-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны” ардак наамдары берилген.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Жаз: Ырлар жана поэма. - Ф.: Кыргызмамбас, 1959. - 82 б.
  • Ыр чыны: Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1966. - 172 б.
  • Күн майрам: Ырлар. - Ф.: Мектеп, 1967. - 64 б.
  • Даңкан: Ырлар жана поэма. - Ф.: Кыргызстан, 1970. - 96 б.
  • Шаттуу ырлар: Тандалмалар. - Ф.: Кыргызстан, 1973. - 100 б.
  • Дилбар: Ырлар. - Ф.: Мектеп, 1975. - 101 б.
  • Күлкү чачам: Ырлар жана поэма. - Ф.: Кыргызстан, 1977. - 123 б.
  • Жаштык шаары: Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1981. - 160 б.
  • Эки жөжө: Ырлар. - Ф.: Мектеп, 1981. - 16 б.
  • Ырлар. Ф.: Кыргызстан, 1984. - 224 б.
  • Ай бөбөк: Ырлар. - Ф.: Мектеп, 1988. - 26 б.
  • Ыр нөшөрү: Ырлар жана поэмалар. - Ф.: Мектеп, 1988.-128 б.
  • “Рамис”. Ырлар жана поэмалар. Чыгармалар жыйнагы. I том. - Б.:Бийиктик, 2005. - 664 б.
Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Звездный возраст. - М.: Сов. писатель, 1961. - 54 с.
  • Избранная лирика. - М: Мол. гвардия, 1965. - 32 с.
  • Поклон земле: Стихи. - М: Сов. писатель, 1968. - 128 с.
  • Радость: Стихи, поэма. - М: Сов. писатель, 1980. - 110 с.
  • Товарищ стих: Лирика. - Ф.: Кыргызстан, 1987. - 136 с.
  • Солнечный азарт: Стихотворения, поэмы.-Ф.: Адабият, 990. - 108 с.
  • Стих и я: Стихотворения и поэмы. Рисунки автора. На кыргызском и русском языках.- Б.:Издательство КРСУ, 2007. - 157 с.
Башка элдердин тилдеринде[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Подражаю солнцу: Стихи. - Рига: Лиесма, 1969. - 63 с. - лат.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Некрасов Н. А. Тандалган ырлар жана поэмалар. - Ф.: Кыргызмамбас, 1953. -95 б.
  • Алимджан X. Зымырык. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1954. - 35 б.