Рыспаев, Кадыракун

Википедия дан

Рыспаев Кадыракун (1936-ж. т., Ат-Башы району, Ак-Моюн айылы) — Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген кызматкери (1968).
1955-ж. Токмок маданий-агартуу техникумун, 1973-ж. Москва шаарындагы маданий-агартуу институтун бүткөн.
1955-жылдан Ат-Башы райондук маданият үйүндө директор, инструктор, автоклуб башчысы, китепкана башчысы, райаткомдо бөлүм башчы, "Билим" коомунун жооптуу катчысы, маданият бөлүмүнүн башчысы, райкомдо инструктор, райондук коммуналык чарбанын акими болуп иштеген. СССР маданиятынын отличниги (1960). Медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.