Сааданбеков, Жумагул Сааданбекович

Википедия дан
Сааданбеков Жумагул Сааданбекович.

Сааданбеков Жумагул Сааданбекович (1940-ж. т., Ак-Суу району, Шапак айлы) — мамлекеттик жана партиялык ишмер. Философия илимдеринин кандидаты.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1961-ж. Каракол мамлекеттик педагогикалык институтун физика-математика факультетин бүткөн.
Адегенде Жети-Өгүз районундагы мектепте мугалим, 1964—67-ж. Барскон орто мектебинде окуу-тарбия инггери боюнча директордун орун басары. 1967—69-ж. Кыргызстан КПнын Жети-Өгүз райкомунун агитация жана пропаганда бөлүмүндө инструктор.
1969—74-ж. Кыргызстан ИАнын Философия жанаукук таануу институтунда кенже, улук илимий кыз¬маткер.

1974—77-ж. Кыргызстан КПнын Бишкек шааркомунун агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы, 1977—81-ж. уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1981—83-ж. Кыргызстан КПнын Бишкек шааркомунун катчысы.
1983—84-ж. Кыргызстан КП БКнын партиялык иштерди уюштуруу бөлүмүнүн инспектору,1984-85-ж. пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 90-ж. бөлүм башчы.

Жетишкендиктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1990—92-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин билим берүү, маданият, тил жана улуттар аралык мамиле, спорт, туризм боюнча туруктуу комиссиясына төрага, Кыргыз Республикасынын Президенттик кеңешине мүчө, ошол эле мезгилде Кыргыз Республикасынын президенттик аппаратынын алдындагы мамлекеттик инспекцияда төрага, СССР Жогорку Кеңешине шайланган Кыргыз Республикасынын депутаттарынын башчысы, СССР Жогорку Кеңешинин Республикалар палатасынын төрагасынын орун басары.
1992-жылдан Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы.
Илимий изилдөөлөрү негизинен айыл интеллигенциясынын рухий маселелерине арналган.
1990—95-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл депутаты. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Какен Мамбеталиеванын 75 жылдык мааракесине арналган жыйын. Бишкек. 19.5.2012.

Айрым интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Улуттар аралык мамиледеги сабырдуулук этикасына жетишели..." Archived 2017-06-14 at the Wayback Machine
ЖУМАГУЛ СААДАНБЕКОВ ЭМНЕДЕН ЖАҢЫЛГАН? Archived 2016-03-05 at the Wayback Machine

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.