Саба-Жарды сурьма кени

Википедия дан
Сабажарды сурьма кени‎»‎ барагынан багытталды)

Саба-Жарды сурьма кениОш облусунун Кара-Кулжа районунда, Чыгыш Алай кырка тоосунун түндүк капталында, Саба-Жарды суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээли 3000-3600 м бийиктикте. 1974-77-жылдары издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн.

Кен жогорку палеозойдун карбонатфлиш катмарынан турган жаракалуу жалпак тилкелерин силур-девондун терриген катмарларынан бөлуп турган иркеш тектон. тик жаракасына туура келет. Кен иркеш жаракасын бойлоп, 12 кмге созулуп жатканы аныкталган. Акиташ жана кумдуктагы майда жаракаларды жана негизги чоң жараканы бойлото кальциттешкен жана кварцташкан талкаланды тилкелер кенташты камтып турат. Кенташынын минералдык курамы: жемсонит, пирит, антимонит, бурнонит, бертьерит, пирротин, нукура алтын, касситерит, аленит, халькопирит жана башка Кенде узундугу 20-250 м (эки тарамдыкы 800 жана 1350 лгге чейин) жана калыңдыгы 0,5-9,0 м болгон 11 кенташ тарамы табылган. Сурьманын орт. өлчөмү 4,55%, алтындыкы - 6,5 г/г. Кенташтын запасы жана болжол ресурсу 5526,8 миң г, анын ичинде сурьманыкы - 38090 т, алтындыкы - 8,0 т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]