Саламат

Википедия дан

Саламат«Манас» эпосунун эпизоддук кейипкери. Алтайда Жакып менен конушу бир Сарайман айылынын аксакалы, бай. Айнакулдун атасы. Айлындагы жыйындарда кеп-кеңештерин берип турат (Сагымбай Орозбак уулу, 1. 118, 121, 122, 250, 280). Салар топоним. Атасы Манас экенин уккан Семетей Таласка барып, Манаска куран окутмак болгондо Каныкей ага бара турган жолун тааныштырган учурда:

Сыр-Дайрадан кечээрсиң,

Ары карай өтөөрсүң

Чыйырчык, Салар эки өзөн

Эки өзөнгө жетээрсиң (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 141), — деп эскерет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4