Саламатов, Жолдон

Википедия дан

Саламатов Жолдон (15.1.1932-ж. т., Нарын району, Орто-Саз айылы) — физик-математик, физика-математика илимдеринин доктору (1995), профессор (1993).

1953-ж. КМУну бүтүп, ошол эле жылы университетте окутуучу, 1954—57-ж. аспирант, 1957—65-ж. Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер пединститутунун проректору.
1965—67-ж. ИАнын математика институтунда улук илимий кызматкер. 1967—72-ж. Каракол педагогикалык институтунун ректору, 1972—77-ж. Кыргызстан КП Ысык-Көл обкомунун катчысы, 1977—82-ж. республикалык эсептөө борборунун директорунун орун басары, 1982—88-ж. ИАнын сейсмология институтунда обсерватория башчысы, 1988—95-ж. И. Арабаев атындагы педуниверситетте профессор, декан, 1995-жылдан Чүй университетинин профессору.

Анын илимий эмгектери теориялык гидродинамиканын проблемаларына арналган. 6Одай илимий жана окуу-методикалык эмгектин (анын ичинде 9 окуу китеп) автору. Кыргыз Республикасынын, СССРдин билим берүү отличниги. Медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.