Салтанбаев, Казбек

Википедия дан

Салтанбаев Казбек (1954-ж. Жайыл району, Кызыл-Дыйкан айылы)-бийчи. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1987).
1973-ж. Т. Сатылганов атындагы филармониясынын алдында уюшулган эстрадалык бий студиясын бүткөн.
1973-жылдан филармонияиын кыргыз бий ансамблинин солисти. Көбүнчө улуттук колориттеги бийлерди бийлейт. Жеке бийлерди («Молдован бийи», «Күрөш», «Саанчы жеңе») өтө чеберчиликте аткарат.
Негизги аткарган бийлери: «Ала-Тоодогу майрам», «Айылдагы майрам» (балет мейстери У. Сарбагышев), «Эмгек шаңы», «Комузчу» (балетмейстери Г. Мадемилова), «Чабандар» (балетмейстери А. Табытаев) жана башка.
Швеция, Бельгия, Италия, Люксембург жана башка чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.