Саматов Жыргалбек Алимбаевич
Саматов Жыргалбек Алимбаевич | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Саматов Жыргалбек Алимбаевич |
Туулган жылы: | 1973-жыл 11-жалган куран айы |
Туулган жери: | Өзгөн району, Ош областы |
Өлкө: | |
Ишмердүүлүгү: | ишкердик, саясатчы (учурда Кыргызстан Жогорку Кеңешинин депутаты) |
Саматов Жыргалбек Алимбаевич − коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин Ата-Журт фракциясынын депутаты.
Билими
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Саматов Жыргалбек Алимбаевич 1973-жылы 11-мартта Ош областынын Өзгөн районунда туулган.
Жогорку билимдүү.
1998-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин «Экономист» адистиги боюнча бүтүргөн. 2002-2006 – жылдары Столыпин П.А. атындагы Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы мамлекеттик кызмат академиясынын юридика факультетин бүтүргөн. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык Академиясында «Эл аралык мамилелер» факультетинде окуусун уланткан.
Ээлеген кызматтары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1996-2005 жылдары – Жеке ишмер 2005-2008 ж.ж.- Кыргыз Республикасынын бюджет жана каржы боюнча Комитетинин төрагасынын кеңешчиси. 2009-2010ж.ж.- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруу иштери боюнча инспекция бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары. 2011-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
Шилтемер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Расмий сайты Archived 2020-11-29 at the Wayback Machine