Сантомеликтер

Википедия дан

Сантомеликтер (Сан-Томе креолдору, өз аталышы: тонгаш) — эл. Сан-Томе жана Принсипи Демократиялык Республикасында жашайт.
Саны 91 миң адам.

Сантомеликтер

Сан-Томе жана Принсипинин улуттук валютасы.
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 91 миң адам
 Сан-Томе жана Принсипи

Тили

сантоме лингва,
португал,
испан

Дини

Христианчылык (католиктер, протестанттар),
Жергиликтүү салттуу ишенимдери

Расалык тиби

мулаттар, негрлер

Келип чыгышы

бантулар, европалыктар

Тил

Лингва сантоме, португал жана испан тилдеринде сүйлөшөт. Лингва сантоме тили португал жана банту тилдердин негизинде түзүлгөн.

Дин

Көбү — католиктер. Бир аз протестантизм жана жергиликтүү салттуу ишенимдердин избасарлары бар.

Келип чыгышы

Сан-Томе аралын португалдыктар 1469-1471-жылдары ачышкан. Португалдардын аралды колонизациялоосу 15-кылымдын аягында башталган. Плантацияларда (кант тростниги, какао, кофе) иштөө үчүн Африка континентинен кулдар алынып келинген. Кулдардын көбү банту элдеринен болгон. 16-18-кылымда европалыктар (португалдар, голланддар, француздар) менен африкалыктардын (бантулар) аралашып кетишинин натыйжасында сантомеликтердин негизин түзгөн этникалык топ пайда болгон.

Чарбачылык

  • соода
  • балык уулоо
  • багбанчылык
  • мал чарбачылык (эчки, чочко, тоок)


Социум

Түзүлүшү моногамдык кичинекей үй-бүлөлөргө негизделген. Нике конушу вирилокалдык. Тууганчылыктын эсеби аталык.

Маданият

Маданияты (айрыкча фольклордо) африкалык жана европалык элементтерди айкалыштырат.
Европалык жашоо образын алып барышат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]