Саринжи Кожомберди уулу

Википедия дан

Саринжи Кожомберди уулу (1901, Алай өрөөнү Жыгач-Арт айылы, кийин Үч-Төбөдөгү Ак-Босого айлында жашаган — өлгөн жылы белгисиз) — Манасчы , жомокчу, акын. Отуз уулдун калдай уруусунан. «Манас» эпосун кара сөз менен ыр аралаштырып айткан. С-нин айтуусунда «Манас» эпосунан: Алмамбеттин Манаска келиши, Манастын Көкчөнүн жылкысына тийгени жана Чубактын Коңурбайга кат жазып Манаска кол салдырганы эпизоддору жазылып алынган. С-нин вариантынын мазмуну түштүк Манасчылардын варианттарына жакын. Алмамбет Көкчөдөн жеме угуп таарынып кеткенде, Көкчө аялы Аруукенин кеңеши боюнча Алмамбетти кайрып келүү үчүн артынан жөнөйт. Муну сезген Алмамбет күндү жайлап Көкчөнү адаштырып, өзү Манастын кошунуна келет. Манас жакшылап тосуп алып, бир нече күн той берет, эс алдырат. Бир нече ай өткөн соң, Алмамбет Манаска кайрылып: «кырк чоро зеригип бүттү, башка элге чалгын чалалы, Көкчөнүн жылкысын тийип алалы» деген ойду айтат. Манас Көкчөнү чаап алууга камынат да аттанып чыгышат. Жолдун айрылышына келгенде экиге бөлүнүшөт. Манас өзү бир айрылыш менен кетет да, экинчи жол менен кеткен чоролорду күтүп калат. Кырк чоро келбегенде издеп чыкса алар аттарын уурдатып жөө калышкан болот. Манас из кубалап эки-үч белес ашканда эки этегин кайрып кармаган бир чоң киши кетип баратканын көрөт да аны кууп жетип ким экендигин сураганда, ал кырдуу мурун Коңурбай деген мен боломун дейт. Анда Манас кырдуу мурун Коңурбай болсоң, сен менин чоролорумдун атын уурдап алыпсың, таштап кеткин дегенде, ал Манас деген сен экенсиң, сени эми анык көрдүм дейт да эки этегин коё бергенде кырк чоронун аттары жайылып чыга келет. Мына ушундан кийин Манас Көкчөгө барып, жылкысын тийип алып, аны менен кармашып жатып жарадар болот. Ал жараттан Каныкей айыктырат. Бул мотив түштүк Манасчыларынын варианттарынан гана кезигет. С-нин вариантында Чубактын Манаска тарынып Коңурбайга кат жазып, Манаска кол салдырганы башка варианттардан айырмаланып турат. Чубак менен Алмамбет араздаша кеткенде, Алмамбетти коргоп Манас Чубакты булдурсун менен бир салат. Буга тарынган Чубак, Коңурбайга кат жазат. Чубактын бул жоругун атасы Акбалта жактырбастан аны үйүнө түнөтпөй кууп салат. Акырында Чубак Манаска кошулуп, кырк чоро менен кошо аттанып Коңурбайдын колун кыргынга учуратат. Коңурбай менен Кожожаш качып кутулушат. Негизинен С-нин эпизоддорунун өз алдынча өзгөчөлүктөрү бар. Ал Көкөтөйдүн ашын да кара сөз менен айткан (Кол жазмалар фондусу, 276-инв.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4