Сарман Асанбеков

Википедия дан
Сарман Асанбеков
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Сарман Асанбеков
Туулган жылы: 8-август 1935-жыл
Өлгөн жылы: 30-март 2009-жыл
Туулган жери: Арал айылы, Талас району,Кыргызстан
Өлгөн жери: Бишкек шаары,Кыргызстан
Сөөгү: Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган, Бишкек шаары,Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: акын, исксство таануучу, театр сынчысы, котормочу, драматург
Наамдары:

Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, профессор

Асанбеков Сарман (Абдул) - акын, искусство таануучу, театр сынчысы, котормочу, драматург.

Кыскача өмүр баяны жана чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сарман Асанбеков 1935-жылы Талас шаарындагы №1 орто мектепти, 1958-жылы КМУнун филология факультетин,
1966-жылы Кыргыз ССР илимдер академиясынын аспирантурасын бүтүргөн. Москвадагы СССР Маданият министрлигинин Искусство институтунда такшалуудан өткөн.
Эмгек жолун 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик сүрөт өнөрү музейинин илимий кызматкери болуп иштөөдөн баштаган, Кыргыз театралдык коомунун Актерлор үйүнүн директору,
1968-жылдан Фрунзедеги көркөм өнөр окуу жайынын директору,
1975-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын КСЭсинин Башкы редакциясында маданият жана искусство редакциясынын башчысы, ошол эле учурда иллюстрация жана картография редакциясынын башчысы болгон.
1977-жылдан «Кыргызстан» басмасынын искусство бөлүмүнүн башчысы.
1985–1986-жж. Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин репертуардык-редакциялык коллегиясынын мүчөсү.
1987-жылдан «Кыргызстан маданияты» гезитинин редакциясында искусство бөлүмүнүн башчысы жана редакциялык кеңештин мүчөсү.
1993-жылдан Фрунзе шаардык музейлердин бириктирилген дирекциясынын илим боюнча директорунун орунбасары.
1996-жылдан Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун режиссердук кафедрасына доцент болуп кабыл алынган, ал эми 1997-жылдан ошол институттун режиссура жана актердук чеберчилик кафедрасында профессор болуп эмгектенет.
Биринчи ырлар жыйнагы «Ыргак» деген ат менен 1962-жылы жарык көргөн. С.Асанбековдун негизги чыгармачылык багыты сын жана искусство таанууда көрүнгөн.
1961-жылдан Кыргызстан театрлар коомунун (1986-жылдан тартып Кыргыз ССРинин театр ишмерлер союзу), 1980-жылдан СССР Жазуучулар, СССР Сүрөтчүлөр жана СССР Журналисттер союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

Сүрөтчү: Гапар Айтиевдин чыгармачылыгы жөнүндө. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 113 б.
Ыргак : Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1963. – 103 б.
Табитти тарбиялоо. – Ф.: Мектеп, 1963. – 75 б.
Турмуш жана искусство: Сындар жана очерктер. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 200 б.
Гапар Айтиев. – Ф.: Кыргызстан, 1972. –36 б.
Изденүү жана табылга: Сын-макалалар. – Ф.: Мектеп, 1977. – 91 б.
Ишеним : Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 92 б.
Азыркы кыргыз драмасы. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 188 б.
Сары-Булак : Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1981. – 104 б.
Жаштыкка саякат: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 154 б.
Машакаттуу бийиктик: Сын-макалалар, адабий портрет. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 160 б.
Алиман Жангорозова: Чыгармачылык портрет. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 124 б.
Мираида Далбаева: Чыгармачылык портрет. – Ф.: Адабият, 1989. – 96 б.
Марат Алышбаев: Монография. – Ф.: Кыргызстан, 1998. – 46 б.
Айтматов жана искусство: Макалалар жыйнагы (Авторлош). – Ф.: Кыргызстан, 1978.
Жерге-жээктүү Жеңиш Сулайманов. Эссе. – Б.: Учкун, 2002. – 4 б.

Орус тилинде
Сабырбек Акылбеков. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 90 с.
Колхозный музей. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 119 с.
Изобразительное искусство Кыргызстана: История искусства (в соавт.). – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 640 с.
Джакул Кожахметов. – Ф.: Кыргызстан, 1990. – 80 с.
Поиски: Сборник статей (в соавт.). – Ф.: Кыргызстан, 1990. – 160 с.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернет шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]