Сарыпбеков, Райкул
Сарыпбеков Райкул-1941-жылы Кочкор районунда төрөлгөн. Сарыпбеков Райкул– “Манас” изилдөөчүсү, адабиятчы, сынчы, акын, жыйноочу, түзүүчү. Жазуучулар союзунун мүчөсү, филология илимдеринин кандидаты (2000). Илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.
Манасты жазып алышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ал “Алмамбеттин образынын эволюциялык өнүгүшү” аттуу монографиясын жазып, анда “Манас” эпосунун проблемаларына арналган орчундуу маселелерди чечүүгө аракет жасаган. Бул эмгекте “Манас” эпосундагы эң негизги оң каармандардын бири Алмамбеттин образынын өсүп-өнүгүшү жана калыптанышы каралат. Автор эң бай, адабий жана этнографиялык материалдардын негизинде Алмамбеттин образы “Манас” эпосундагы эң байыркы образдын бири экенин жана тарыхый шарттардын алмашышы менен ал образ тынымсыз эволюциялык өсүп-өнүгүүлөрдү башынан өткөрүп, байыркы мифтик, фантастикалык эпостун каарманынын тарыхый баатырдык эпостун каарманына айланышы тарыхый салыштырма планда ачып берген. Сарыпбековдун дагы бир салмактуу эмгеги катары татыктуу болгон монографиясы – “Манас” эпосундагы баатырдык мотивдердин эволюциясы” (1988) деп аталат. Мында автор элдин духун, элдин умтулуусун, анын үмүт, тилегин алып жүрүүчү эпикалык оң каармандар, идеализациялоочу мотивдердин б. а. элдин башына түшкөн кыйын кезеңди жок кылып, бейпил турмушту орнотуу үчүн атайын жаралган элдик баатырдын төрөлүшүнөн тартып, эл иши үчүн күрөшүп жүрүп курман болушуна чейинки мотивдердин ар бирине конкреттүү токтолот. Алардын түпкү чыгышынан тартып, бүгүнкү күнгө чейинки эволюциялык өнүгүшүн иликтейт. Булардан тышкары ал “Манас” эпосунун ар түрдүү проблемаларына арналган 50дөй макаланын автору.
“Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери” (1988) аттуу коллективдүү эмгекте манасчылар Тыныбек Жапый уулу, Саякбай Карала уулу, Молдобасан Мусулманкулов, Багыш Сазанов, Ибраим Абдрахманов, Дүнкана Кочуке уулунун чыгармалыклык портреттери жазылган. Кийин ушул макалалар толукталып, алымча-кошумчаланып, “Кыргыз адабиятынын тарыхы” аттуу 7 томдуктун 1-томуна жарыяланды. Р. С. Дүнкана, Сейдана ж. б. манасчылардын өз оозунан “Манас” эпосунан эпизоддорду жазып алган. СОВ жана СКВ боюнча “Манас” үчилтигинин жергиликтүү жана борбордук басмалардан жарыкка чыккан, басылыштарын түзүүгө катышып, алардын айрымдарына баш сөз жазган. Кыргыз адабий изилдөөгө арналган 100дөн ашуун макалалардын жана “Мезгил жаңырыгы” аттуу адабий сын жыйнагынын автору. “Тоолор керемети”, “Кызыл аска” ырлар жыйнагында жана мезгилдик басма сөздөрдө анын поэтикалык ой толгоолору чагылдырылган чыгармалары жарык көргөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004