Сарытаз

Википедия дан

Сарытаз, Сарыкан — «Манас» эпосунун каарманы. «Семетейдеги» салттык туруктуу образ. Адатта бөтөн эл, бөтөн жерде өсүп, чоңойгон болочок баатырдын көзүн ачып, эли-жерин билгизе турган атайын эпикалык каарман болот. Семетейге ата-теги менен эли-жерин билдирүү үчүн жаратылган салттык образ бардык варианттарда бар. Ырас, анын ысымы түпкү теги ар кандай варианттарда ар башка айтылат. Саякбай Карала уулунун Каныкейдин атасы Темиркандын бир тууганы, Тоголок Молдодо Байдын уулу Баймырза калыңга кошуп берген кул. Ыбырайым Абдыракман уулунда Каныкей Семетейди алып төркүнүнө качып кеткенде караан тутуп, Каныкейди ээрчип келген Манастын тууганы. Шапак Рысменде уулунда перилер жашаган Көйкаптын жанындагы Көрсөткөн деген шаардын Турумкан аттуу канынан бийлик, байлык үчүн куулуп-сүрүлүп жүргөн С. Бакайдын тапшырмасы менен Семетейге ата-тегинин кабарын айтуу үчүн барат.

Эпосто бул каармандын көмүрчү таз жана башкалар азап тарткан бир байкуш катары берилиши, анын болочок баатыр менен эмгекчи элди байланыштыра турган данакер боло тургандыгы. Ал кандай да болбосун өз милдетин аткарууга тийиш. Көп элдердин эпостук чыгармаларында баатырга арка-жөлөк боло турган баатыр адамдын таз кебетесинде жүргөн образы көп кездешет. Жалпы эле таздар оң каарман, бирде чыныгы таз деп берилсе, бирде убактылуу таз кейпинде жашырынып жүргөн болот. «Семетейдеги» С. да көмүр өчүргүч таз болуп Семетейдин чоңоюшун күтүп жүрөт. Ал Семетей менен Таласка кошо келип, Семетейдин душмандарынан өч алып атасынын ордун басышына көмөк көрсөтөт. Семетей аны кан көтөрөт. Ошондон баштап С. эмес, Сарыкан, Сары дөө атка конот. Аны Семетей өзү да Сары аба деп ардактайт. С. «Семетейдеги» патриархалдык-феодалдык мамилелерди алып жүргөн каармандардын бири. Анын образына байланышкан окуялардын салттуулугу анын образынын байыркылыгын белгилейт. Ошондой эле С-дын жалгыз көзүндөгү калына ок тийгенде гана өлүшү элдик оозеки чыгармалардагы жандын башка жерде сакталышы мотивинин өзгөргөн түрү болуп эсептелет жана С-дын образынын көөнө образ экенин аныктап турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4