Сатыбалды Аалы

Википедия дан

Сатыбалды Аалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

САТЫБАЛДЫ ААЛЫ(1933-2006) Манасчы Сатыбалды Аалы бугунун белек уруусунан, 1933- жылы Кытай Эл Республикасындагы Түндүк Шиңжаңдын Текес ооданына караштуу Көк-Терек кыргыз автоном айылында жарык дүйнөгө келген.
Сатыбалды манасчы кыргыз элинин учу-кыйырына аты угулган, бугу уруусунан чыккан айтылуу Акылбек манасчынын жээн-небереси. Ал эми Акылбек манасчынын айтуучулук чеберчилиги тууралуу учурунда Арстанбек, Сагымбай, Тоголок Молдо, Ыбырайым, Саякбай сыяктуу манасчылар өздөрүнүн эң жогорку баасын берип келишкен. Анын Текес жергесинде жылкычы болуп жүрүп, калмак конуштарын кыдырып, калмак тилинде «Манас» айткандыгы жөнүндө да сөз эл ичинде кеңири тараган.
Мына ошондой залкар манасчынын өнөрү кийин Сатыбалды деген небересине оогон. Сатыбалды Акылбектин уулу Эшимбайдын кызы Гулбарадан төрөлгөн небере жээни. Кытайдагы саясий абалдан улам, Сатыбалдынын варианты көп жылдар бою колго, ал эми өзү татыктуу көңүлгө алынбай келген. Мына ошондуктан, анын вариантын жазып алуу иштери ото жай жургузулген. 1982-1992-жылдары 45 үн табакка жаздырылып алынган Сатыбалды манасчынын варианты 75 378 сап ырын түзгөн. Анын варианты башка манасчылардын варианттарынан айырмаланып, Манастын ата-бабаларынын баянынан турат. «Түп атабыз Түмөн кан, Түмондөн кыргыз тараган» - деп баштап, кыргыздын Эне-Сайдан келгенинен бери Манастын 15 ата-бабасын айтат (Түөн, Түгөй, Көбөй, Жамгырчы, Чаян, Бөйөн, Чобун, Чынкожош, Көкөтөй, Бай, Баккожо, Ырчыкожо, Нуркожо, Каракан (Орозду) Жакып). Манасчынын айтуусундагы «Манас» эпосунун айрым бир окуялары кытай тилине которулуп жарык көргөн. Ал эми азыркы күндө Сатыбалдынын варианты толук чечмеленип, китеп түрүндө чыгуу алдында турат.

Манасчынын Манас айтуудагы аяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сатыбалды «Манас» айтып калуусун түш көрүү менен байланыштырат: «1972-жылдын 11-айдын 17-күнү ушул Көк- Теректин күзгү жыйым-терим мезгили болуп, ошол күнү кызылданган кырманда уктам жатсам, бабабыз Бакай аян берди. Анан калса таятам Акылбектин үнү угула баштады. Ошондон улам, ээн жылга-жыбырларга барып, ар күнү өзүмчө айта баштадым».
Аян алып, «Манас» айтып калган Сатыбалды манасчы, өмүрү өткүчө Текес өрөөнүндөгү 17 мин кыргыздын эрмеги болуп, айтуучулук өнөрүн эч таштабай, таятасы Акылбектин изин суутпай, жолун жолдоп келген. «Манас» эпосунан сырткары, Сатыбалдыдан кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын көптөгөн жанрлары боюнча материалдар жазылып алынып, бүгүнкү күндөгү жаш окумуштуу Ысакбек Бейшенбек тарабынан изилденип жатат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Респубиликалык "МАНАС" жаштар ордосу, "Манасчылар" Б-2010ж.