Мазмунга өтүү

Сахо (эл)

Википедия дан

СахоЭритреяда жана Эфиопияда жашаган кушит эли.
Сахо эли субэтникалык топторго бөлүнөт: идда, иддифер, ироб, манифере, меля, тероа, хазу, асаортанын беш уруусунун биримдиги ж.б.
Жалпы саны 300 миң адам.

Сахо
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 300 миң адам (2012ж.)
 Эритрея— 253 миң (2010ж.)
 Эфиопия — 37 миң (2012ж.)

Тили

сахо

Дини

мусулмандар
христиандар

Расалык тиби

эфиоп

Кирет

кушиттер

Тууган элдер

афарлар


ТИЛ

Сахо тилинде сүйлөшөт. Араб, тигре жана тигринья тилдери кеңири таралган.


ИШЕНИМДЕР

Ишенгендердин көбү мусулмандар (сүннөттөр). Христиандар (монофизиттер, чыгыш католиктер) да бар.


ЧАРБАЧЫЛЫК ИШТЕР

Илгертен бери сахо эли көчмөн жана жарым көчмөн малчылык (төө, уй, кой) менен алектенишкен. Өрөөндөрдө буудай, теф, буурчак эгишет. Адырлар жана тоолордун капталдары террассалоо ыкмасы менен өздөштүрүлөт.
Зула булуңунда балыкчылык өнүккөн.


ТАМАК-АШ

Ачыткысыз теф наны, буудай, жашылча. Эркектер чийки бууланган этти, атайын камыр азыктарын, бууланган жана чийки буудай данын жешет.


САЛТТУУ ТУРАК ЖАЙ

Тик бурчтуу таш үйлөр, жалпак чатыры бутактардан жана самандан, топурак менен себилген.


КООМ

Сахо үчүн патриархалдык үй-бүлө негизделген бутактуу уруулук структуралар мүнөздүү. Айыл жамааттарын уюштурууда аксакалдар жана жергиликтүү дин кызматкерлери чоң роль ойношот


МАДАНИЯТ

Элдик фольклор поэзияга, музыкага, бийге бай. 20-кылымда пайда болгон тиграи классикалык адабияты сахо маданиятына таасирин тийгизген.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]