Саясаттагы аялдар
Бүгүнкү күнгө чейин көпчүлүк өлкөлөрдө аялдар өкмөттө жана башка мекемелерде аз көрсөтүлүп келет. Бул тарыхый тенденция дагы деле сакталып келе жатат, бирок акыркы жылдары аялдар мамлекет жана өкмөт башчылыгына көбүрөөк шайланууда.[1]
2022-жылы аялдар дүйнө жүзү боюнча мыйзам чыгаруучу орундардын 26,1% ээлешет, 2002-жылы бул көрсөткүч 14,2% болгон.[2] Бардык аял премьер-министрлердин жана президенттердин 75%ы кызматка акыркы жыйырма жылдын ичинде гана киришкен.[3]
Аялдар саясий турмушка катышуу жана саясий лидер болуу жөндөмүнө таасирин тийгизген бир катар кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн. Бир нече өлкөлөр жергиликтүү деңгээлден баштап улуттук жана эл аралык деңгээлдеги бийликке аялдардын катышуусун арттыра турган чараларды көрүп жатышат. Кыргызстанда жергиликтүү жана жогорку кеңештерде 30% гендердик квота бекитилген, бул квотага карата эркек же аял депутаттардын саны 70%дан ашпашы керек. Практикада гендердик квоталар бузуу менен колдонулат, ошондуктан парламентте квота киргизилгенден бери аялдардын саны 30%га жеткен учур болгон эмес. Бул көбүнчө эркек талапкерлердин каршылыгынан улам болот, мисалы, 2021-жылы жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодон кийин эркек талапкерлер шайлоо участогуна чогулуп, эки талапкерди жеңүүчүлөрдүн тизмесинен чыгарууну талап кылышкан,[4] ал эми Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин депутаттыкка талапкер Жанар Акаев кесиптеши Токтобүбү Оргалчаны сотко берип, ошону менен депутаттын мандатын алган.[5]
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тарыхта Клеопатра, Елизавета I, Екатерина II, Курманжан датка жана башка аял башкаруучулардын аты белгилүү. Клеопатра VII Филопатор (б.з.ч. 30-69-жылдар) – эллинистикалык Египетти 22 жыл башкарган Птолемей династиясынын акыркы башкаруучусу.[6] Миңдеген кылым өткөнүнө карабай Клеопатраны бүгүнкү заманбап муун тарыхты өзгөрткөн аял катары эстейт. Екатерина II (Екатерина Алексеевна, Улуу Екатерина, 1729-1796) – орус башкаруучусу. Күйөөсү Пётр IIIгө каршы ордолук төңкөрүштөн кийин тактыга отуруп, Орусия империясын башкарган.[7] Елизавета I (1533-1603) – 1558-жылдан тарта Англия жана Ирландия ханышасы, Тьюдор династиясынын акыркы башкаруучусу.[8] Анын башкаруу мезгилин “Англиянын алтын доору” деп да аташат. Анткени анын тушунда маданият гүлдөп (Шекспир, Марло, Бэкон жана башка) Англиянын дүйнөлүк аренада таасири өскөнү айтылат. Курманжан Датка (1811-1907) 1832-жылдан 1876-жылга чейин Алай кыргыздарынын башчысы, даткасы болуп келген. Бухара эмиратында жана Кокон хандыгында датка наамына ээ болгон. 1876-жылдан тартып орус императордук армиясынын полковниги.
Француз жазуучусу Олимпия де Гуж (чыныгы аты Мари Гуз) Европада аялдар укугу үчүн күрөшкөн кыймылдын пионери деп саналат. “Аялдар да эшафотко көтөрүүлүүгө, трибунага чыгууга укуктуу” деген фраза анын урааны болчу. 1791-жылы де Гуж “Аялдардын жана гражданкалардын укугунун декларациясы” деген аталышта документ түзүп, аялдардын өлкөнүн саясий турмушуна активдүү катышуусуна уруксат берүүнү талап кылат, бирок декларация Улуттук конвент тарабынан четке кагылган. Революциялык кыймылдын лидерлерин чочулткан саясий активдүүлүгү, мамлекеттик түзүлүштү тандоого референдум жарыялоо идеясын көтөрүп чыкканы үчүн ал контрреволюционер деп табылып 45 жашында өлүм жазасына тартылган.[9]
АКШда аялдардын шайлоо укугу үчүн күрөштүн башында Элизабет Кэди Стэнтон жана Сьюзен Энтони аттуу суфражисттер турган (1869). Көп жылдык күрөштөн кийин алардын идеясы ишке ашты – 1920-жылы АКШда аялдар улуттук деңгээлде шайлоо укугуна ээ болушту.[10]
21-кылымда аялдардын саясий турмушка катышуусу прогрессивдүү мүнөзгө ээ болгону менен, гендердик теңчилик идеалдан кыйла алыс. БУУнун маалыматы боюнча, 2020-жылы планетанын тарыхында биринчи жолу аялдар бардык депутаттык орундардын 25,5% ээлешкен, башкача айтканда, төртөн бир бөлүгүн ашкан чекти өтүшкөн.[11] Бул позитивдүү динамика болгонуна карабастан гендердик паритет принциптерине али жооп бербейт.
Совет доорундагы саясаттагы аялдар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Совет бийлигинин алгачкы 10 жылы радикалдуу эмансипациясы менен өзгөчөлөндү. Бул мезгилди изилдөөчүлөр аялдарды саясий мобилизациялоо мезгили деп сыпатташат. Борбордук Азиядагы аялдардын укугу үчүн күрөштүн көрүнүктүү натыйжасы болгон “Худжум”, “Жен отдел” аялдар бөлүмү ушул мезгилде жаралган.[12]
1920-30-жылдары жумушчуларды жана дыйкандарды партиялык-мамлекеттик аппараттарда жетекчилик, жооптуу кызматтарга тартуу – советтик кадр саясатынын маанилүү багыты эле.[13] Аялдарды советтик курулушка тартуунун, алардын арасында Компартиянын кадыр-баркын көтөрүү зарылдыгын партия жетекчилиги эң жакшы түшүнгөн, ошондуктан бул маселени чечүүдө идеологиялык мамиле жасалып, аялдар массалык түрдө мамлекеттик жана коомдук иштерди чечүүгө катышып баштады.[14]
1930-жылдары радикалдуу өзгөрүүлөр токтогон: Аялдарды саясий мобилизациялоо жаатындагы эксперименттер мезгили экономикалык мобилизациялоого алмашат. Жамаатташтык идеологиясы эне жана жумушчу катары советтик аялдардын ролун күчөткөн десе болот.[15] Улуу Ата Мекендик согуш олуттуу сыноо болуп, аялдар салттуу иштерден башка көптөгөн тармакта: өндүрүштө, айыл чарбасында жана аскер ишинде болушту.[16] Бул арада советтик жана партиялык жетекчилердин арасында аялдардын жетекчилик кызматтарга жылдырылышы түрдүү каршылыктар менен коштоло баштайт. Аялдар табиятынан жооптуу кызматтарга ылайык эмес, сезимталдыгы жогору, фактыларга өтө эмоционалдуу реакция кылышат, ийкемдүүлүк жетишпейт деген түшүнүк жайыла баштаган дешет адистер. Обкомдун катчысы кызматына аялдардын аз гана санда дайындалышы кокустук эмес, ушундан улам.
Согуштан кийин жетекчилик кызматтагы аялдардын саны кескин азайган. 1945-жылы 1-январга карата Борбордук комитеттин номенклатурасына кирген жетекчи-аялдар 7 пайызды түзсө, 1947-жылы 1-январга карата 4,2 пайызга түшкөн. Республикалык, облустук, шаардык жана райондук курамдагы жетекчи кызматкерлердин катарында 18 797 аял иштесе (жалпы курамдын 18 пайызы), 1947-жылы 10 690у гана калган, бул 9,7 пайыз.[17]
Аялдардын укугу СССРдин Конституциясында 1977-жылы гана толук бекемделди. Демилгечилер “Аялдар СССРде эркектер менен бирдей укукка ээ” деген сүйлөмдөн максаттуу түрдө баш тартып, аны “Аялдар менен эркектер СССРде бирдей укукка ээ” деген сүйлөмгө алмаштырышты.[18]
Эгемен Кыргыз Республикасындагы саясаттагы аялдар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Улуттук мыйзамдарда “кызмат орундарына шайланууда эркектер менен аялдар бирдей укукка ээ” деп айтылганы менен, эгемендүү Кыргызстандын парламентинде аял депутаттар аз болгон. Аз санда болсо дагы мамлекеттик башка жогорку жетекчилик кызматтарды аялдар ээлеп турган фактылар кездешет.
1991-93-жылдары Кыргызстандын башкы прокурору, 1993-жылдан 2007-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрайымы .
Эгемендүү Кыргызстанда саясаттын эң бийик чокусуна чыккан аялдардын бири. Ал 1992-1997-жылдары тышкы иштер министринин орун басары, министр, 1997-2009-жылдары элчи, тышкы иштер министри, БУУнун өкүлү, парламент депутаты кызматтарын аркалады. 2010-жылкы революциядан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымы, Кыргызстандын президенти болду. Отунбаева Кыргызстандын тарыхында гана эмес, жалпы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичиндеги биринчи аял-президент.
1996-жылы Жогорку Кеңештин “Аялдардын укугу жөнүндө” эл аралык конвенцияны ратификациялашы өз кезегинде кыргызстандык аялдардын саясатка катышуусун жандантууга өбөлгө түзгөн десе болот.[19] 1996-жылдын өлкөдө “Аялдар жылы” деп жарыяланышы да аял лидерлердин коомдук трибунага чыгышына түрткү берген деп айтылат.[20]
2007-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо партиялардын талапкерлеринин тизмесине квоталарды киргизүү менен бийликтин мыйзам чыгаруу бутагына аялдардын катышуу мүмкүнчүлүгү жогорулаган. 2012-жылы шаардык кеңештерге депутаттарды шайлоого да квоталар бөлүнүп, бирок иш жүзүндө аял-депутаттардын саны көбөйгөн эмес. 2012-жылы Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо жеңген партиялардын депутаттарынын арасында бир дагы аял депутат болгон жок.[21]
2007-жылдан тарта аялдар жогорку деңгээлдеги мамлекеттик кызматтарды активдүү ээлей башташты: Аида Салянова – башкы прокурор, Ольга Лаврова – финансы министри, Эльвира Сариева – билим берүү жана илим министри, Нуржан Шайлдабекова – БШК төрайымы жана башкалар.
2021-жылдын 1-январына карата Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында аялдардын саны 20ны (16,7 пайызды) түздү.[22] Мындай статистика аялдардын парламентке шайлануу мүмкүнчүлүгү дээрлик өзгөрүүсүз калып жатканын көрсөтөт. Мамлекеттик башкаруу органдарында эркектердин басымдуулук кылышы (60,8 пайыз) сакталып калууда. Мисалы, 2021-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарында иштеген аялдар аз.[23] Жогорку Кеңештин тутумунда иштеген аялдар 35,8 пайыз (2010-жылы 43 пайыз болчу), өкмөттүк аппаратта 26,3 пайызды түзүүдө (2010-жылы 1-январга карата 55,6 пайыз эле).
2021-жылы 10-мартта Бишкекте “Аялдар лидерлиги – жаңы доорго секирик” аттуу форумга катышкан экс-президент Роза Отунбаеванын “биз (аялдар) парламенттеги ар бир орун үчүн салгылашабыз” деп белгилеп, Өзбекстан парламентинин 30 пайызын, Казакстанда 27 пайызын, Түркмөнстанда 25 пайызын, Тажикстанда 24 пайызын түзөрүн, эң артта Кыргызстан калганын – 17 пайызды түзөрүн айткан.[24]
2022-жылдын март айында Кыргызстанда акыйкатчы (омбудсмен) кызматына биринчи жолу аял шайланды.[25]
Гендердик квоталар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Гендердик квота – бийлик органдарында жыныстык дисбалансты кыскартууга, мыйзам чыгаруу органдарында аялдардын өкүлчүлүгүн көбөйтүүгө багытталып өлкөлөр жана саясий партиялар колдонгон түзүм.[26] Гендердик квоталар аялдарга да, эркектерге да каралышы мүмкүн. Бирок учурда башкаруу органдарында эркектер сезилерлик артыкчылыкка ээ болгондуктан позитивдүү дискриминация аялдардын басмырланган укугун калыбына келтирүү үчүн иштеп жатат. Позитивдүү дискриминация – дискриминацияга кабылган элдин айрым топторуна артыкчылык же жеңилдик берүү.[27]
Талапкерлерге мыйзамдык негизде коюлган квоталар. Шайлоо бюллетенинде гендердик курамды жөнгө салуу үчүн Конституция же мыйзам менен бекитилет.
Мыйзам аркылуу орунду “резервдөө”. Конституция же мыйзам менен аныкталып, атайын шайлоо процедуралары аркылуу ишке ашырылат жана аялдарга белгилүү бир пайызды же орундун санын бекитет.
Ыктыярдуу партиялык квоталар – айрым саясий партиялар уставына жана ички эрежесине ылайык кабыл алат жана ыктыярдуу мүнөзгө ээ.
2017-жылы Лондон экономикалык мектебинин, Уппсаль жана Стокгольм университеттеринин экономисттер тобу квота өкмөттүн курамынын сапатын жакшыртканын далилдеген иликтөөсүн жарыялашты.[28] Гендердик квоталардын терс таасирин да айрым изилдөөлөр аныктады.[29] Калгари жана Калифорния университетинин изилдөөчүлөрү Аргентинанын улуттук Конгрессинин өкүлдөрү менен баарлашып, ушундай жыйынтыкка келишкен. Аял депутаттар алар бир эле убакта катуу сынга кабылышарын жана аларга эркектерге караганда катуу талаптар коюларын айтышат. Мисалы, Аргентинада стратегиялык сессиялардын көпчүлүгү кечки убакта барларда өткөрүлөт: эгер аялдар ага катышпаса аларды жумушка кайдыгер деп айыпташат. Эгер катышса, анда аларды сексуалдык жактан абдан эркин деп эсептешет.
Көптөгөн өлкөлөр башкарууга жок дегенде аялдардын 30-40 пайызы катышуусуна жетишүүнү максат кылат. Дүйнөлүк экономикалык форум: 2021-жылкы изилдөөгө таянсак, жалпы дүйнөлүк гендердик дисбалансты орточо 135,6 жылдан кийин гана жеңүү мүмкүн.[30] Саясаттагы гендердик теңсиздикти жоюу 2030-жылга туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын бири экенине карабай 156 мамлекеттеги 35 000 орунда аялдар болгону 26,1 пайызды түзөт. 81 мамлекетте аялдар эч качан өлкөнү башкаруучу болгон эмес (2021-жылдын 15-январына карата). ДЭФтин эсептөөлөрү боюнча, саясаттагы гендердик теңсиздикти жоюуга 145 жылдан кем эмес убакыт керектелет.
Кыргызстанда акыркы 15 жылда айылдык кеңештин депутаттары арасында аялдардын саны азайып жаткан, 2004-жылы алар республика боюнча 19 пайызды түзсө, 2008-жылы 17, 2012-жылы 13, 2016-жылы 10 пайызды гана түздү. 2019- жылы айылдык кеңештерде 30% гендердик квота киргизилгенден бери кырдаал оңдолду: 2021-жылдын жазындагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча шайланган аялдардын саны 10 пайыздан 39 пайызга өстү. 7560 мандаттын 2931и аялдарга берилген.[31]
Парламенттик шайлоодо 2011-жылы гендердик квоталар киргенине карабастан, бир дагы жолу аялдар депутаттардын саны 30%дык ченге жеткен эмес. 2021-жылы шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, парламенттик шайлоо аралаш системага өттү: бир мандаттуу округдар (36 мандат) жана партиялык тизме (54 мандат). Эксперттердин айтымында, бир мандаттуу округдарда аялдарга жеңүү кыйын болот.[32]
Аялдардын саясатка катышуусуна тоскоолдуктар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1979-жылы БУУ тарабынан кабыл алынган Аялдарга карата дискриминациянын бардык формасын жоюу тууралуу Конвенция мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда жана ишке ашырууда аялдарга эркектер менен бирдей шарт түзүп берүү боюнча мамлекетке конкреттүү милдет тагат. Ага карабай гендердик стереотиптер аялдардын мүмкүнчүлүгүн чектейт.[33]
Саясаттагы аялдар адатта коомчулуктун көңүл борборунда болушат, алардын өң-келбети, жеке жашоосу, үй-бүлөсү тууралуу ар кандай сөздөр айтылат. Аялдарга карата мындай мамиле аларды олуттуу саясатчы көрсөтүүдө тоскоол болот дешет эксперттер.
1970-жылдары аялдардын кызматтык тепкичтен көтөрүлүшүндөгү тоскоолдуктарга карата “Айнек шып” (“Стеклянный потолок”) деген термин пайда болгон.[34] Бул термин аялдардын жогорку кызматка жетүүсүнө тоскоолдук жараткан “көрүнбөс” комлексти түшүндүрөт. Изилдөөлөр бирдей мүмкүнчүлүктөр шартында аялдар дагы деле жогорку жетекчилик кызматтарга аз дайындаларын көрсөтүүдө. Конкреттүү көзгө көрүнөрлүк барьердин жоктугунан улам тоскоолдукту реалдуу баалоо, аны айланып өтүүгө кыйын, ошондуктан аялдар мындай тоскоолдукту көзгө көрүнбөгөн, бирок аны жырып өтө албаган “айнек шыпка” салыштырышат. Бул тоскоолдуктар жазылбаган эрежелер, каада-салт, жүрүм-турум нормалары, аялдардын жана эркектердин ролу тууралуу эски жана терең тамыры бар элестетүү болушу мүмкүн.
Кыргызстанда аялдардын саясатка катышуусуна каршылык көрсөтүү олуттуу мүнөзгө ээ. 2021-жылы Жогорку Кеңеште айрым депутаттар гендердик квотаны азайтуу керек деп чыгышты. “Ар бир төртүнчү талапкерди аял кылыш керек. Ар бир экинчиси аял болсо, анда парламент “Кыз-Бурак” (“Кыз-Бурак” – жалаң кыздардан куралган эстрадалык ансамбль) ансамблине айланып кетет” деди депутат Аманкул Токтомамбетов.[35] 2020-жылы өкмөттүн курамын бекитүүдө бир жыныстагы талапкерлердин санын 70 пайыздан ашырбоо демилгеси көтөрүлгөн. Учурда министрлер кабинетинин 21 мүчөсүнүн бирөөсү гана аял Кутманова Динара, бул 0,2 пайыз.[36]
Колдонулган маалымат ресурстарынын тизмеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Women in National Governments Around the Globe: Fact Sheet (R45483), Susan G. Chesser. 06.04.2022 https://crsreports.congress.gov/product/details?prodcode=R45483(жеткиликсиз шилтеме)
- ↑ Women in National Governments Around the Globe: Fact Sheet Updated 6.04.2022. https://crsreports.congress.gov/product/pdf/R/R45483/11 Archived 2022-04-16 at the Wayback Machine
- ↑ Jalaza, Farida (2016-04-15). "Introduction". Shattered, Cracked, or Family Intact?: Women and the Executive Glass Ceiling Worldwide. Oxford University Press. pp. 1–2, 5. ISBN 9780190602093.
- ↑ Гендерные квоты: возможность для партий попасть во власть или шанс для женщин войти в политику? 06.10.2021. Текшерилген күнү: бугу айынын 17, 2022.
- ↑ Т. Шамбетов, Соблюдение гендерной квоты. Почему Жанар Акаев может не пройти в Жогорку Кенеш? 16.12. 2021
- ↑ Ал ошондой эле дипломат, деңиз капитаны, лингвист жана медициналык жазуучу болгон. Roller, Duane W. (2010), Cleopatra: a biography, (англ.). Oxford: Oxford University Press, ISBN 978-0-19-536553-5
- ↑ Историко-документальный просветительский портал создан при поддержке фонда «История Отечества» 257 лет назад на российский престол взошла Екатерина II (орус.) 9.07.2019 Текшерилген күнү: бугу айынын 17, 2022.
- ↑ Elizabeth I (r.1558-1603) https://www.royal.uk/elizabeth-i.
- ↑ Marie Beauchamps (2016) Olympe de Gouges’s trial and the affective politics of denaturalization in France, Citizenship Studies, 20:8, 943-956, DOI: 10.1080/13621025.2016.1229195
- ↑ The 19th Amendment (англ.). National Archives. Текшерилген күнү: бугу айынын 17, 2022.
- ↑ БУУ. Женщины составляют более четверти парламентариев в мире: прорыв, но до полного паритета еще далеко. 05.03.2021. (орусча). Текшерилген күн: бугу айынын 17, 2022.
- ↑ Т. Щурко, “Худжум”: женская эмансипация в период ранних советских “экспериментов” в Советской Киргизии (1918-1930 гг.) (орус.). Вернуть Будущее: Альманах ШТАБА №1: Центральноазиатское художественно-теоретическое издание / Сост. и ред. Г.Мамедов, О.Шаталова. Бишкек, 2014. С.126-145.
- ↑ N. Zemzyulina, Женщины в системе государственного управления в СССР в 20-30-х гг. ХХ века Archived 2022-05-06 at the Wayback Machine (орус.). Текшерилген күн: бугу айынын 17, 2022.
- ↑ Шарова Т. П. Вовлечение женщин в восстановление промышленности (1921 - 1925): опыт Компартии Украины // Дис. … канд. ист. наук. - Одесса, 1990. - 187 с.
- ↑ Здравомыслова Е.А., Тёмкина А.А. 12 лекций по гендерной социологии. СПб., 2015. С. 335-340.
- ↑ О мобилизациях женщин на фронт в 1942-1944 гг. см.: Сорокин А.К., Вишнякова З.Н. "В горящую избу вошли..." // Родина. 2015. N 12. С. 126-133.
- ↑ https://rg.ru/2017/03/09/rodina-dokumenty-zhenshchiny.html Текшерилген күн: бугу айынын 17, 2022.
- ↑ Законодательство о правах женщин в СССР: Сборник нормативных актов. (орус.). Москва, 1975.
- ↑ Кыргыз Республикасы КР ЖКнин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1996-жылдын 25-январындагы № 321-1 токтомдору жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1996-жылдын 6-мартындагы П № 258-1 токтомдору менен кошулган.
- ↑ Аялдарга жардам берүү борбору. http://wsc.kg/istoriya-zhenskogo-dvizheniya-v-kyrgyzst/(жеткиликсиз шилтеме) Текшерилген күн: бугу айынын 17, 2022.
- ↑ Добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын БШКнын № 158 Жарлыгы
- ↑ БУУ. Why is a 30% gender quota in local councils important? Archived 2022-01-24 at the Wayback Machine 06..03.2018. Текшерилген күн: бугу айынын 17, 2022.
- ↑ Женщины и мужчины Кыргызстана 2021. (орус.). http://www.stat.kg/media/publicationarchive/b057b115-c40b-4180-ae16-28ec7e459117.pdf
- ↑ А. Рыскулбекова. «Мы будем сражаться за каждое место в парламенте». Экс-президентка Роза Отунбаева рассказала о женщинах в политике, религии и НПО 2021, Текшерилген күн: бугу айынын 17, 2022.
- ↑ Атыр Абдрахматова Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы болуп шайланды
- ↑ "Gender Quotas | International IDEA". Archived 2019-06-08 at the Wayback Machine www.idea.int. Алынган күн: бугу айынын 17, 2022.
- ↑ Positive Discrimination https://humanrights.gov.au/quick-guide/12078 Алынган күн: бугу айынын 17, 2022.
- ↑ Gender Quotas and the Crisis of the Mediocre Man: Theory and Evidence from Sweden American economic review, vol.107, no. 8, August 2017. (pp. 2204-42)
- ↑ Jennifer M. Piscopo, Susan Franceschet, Gender Quotas and Women’s Substantive Representation: Lessons from Argentina Archived 2022-03-13 at the Wayback Machine (англ.). Politics & Gender, 4 (2008), 393–425. Printed in the U.S.A.
- ↑ World Econmic Forum. Global Gender Gap Report 2021 (англ.). 2021.
- ↑ Т. Шамбетов, Почему в новом созыве Жогорку Кенеша будет меньше женщин. 30.07.2021 // Текшерилген күн: бугу айынын 17, 2022.
- ↑ Э. Нурматов, Выборы-2021: в бюллетене будет указан только номер кандидата 10.09.2021 // Текшерилген күнү: бугу айынын 17, 2022.
- ↑ ЮНИСЕФ. Женщины как проводники перемен. (орус.). https://www.unicef-irc.org/publications/pdf/chapt-6_rus.pdf
- ↑ Federal Glass Ceiling Commission. Solid Investments: Making Full Use of the Nation's Human Capital. Washington, D.C.: U.S. Department of Labor, November 1995, p. 13-15.
- ↑ Парламент — не ансамбль «Кыз-Бурак». Депутат просит снизить гендерную квоту, 28.07.2021 https://24.kg/vlast/202450_parlament_neansambl_kyiz-burak_deputat_prosit_snizit_gendernuyu_kvotu/ Алынган күн: бугу айынын 17, 2022.
- ↑ Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү https://www.gov.kg/ru/gov/s/103 Алынган күн, бугу айынын 17, 2022.