Саясий кырдаал

Википедия дан

Саясий кырдаал– коомдун саясий турмушундагы чыңалып келе жаткан, курч абалды белгилүүчү түшүнүк. Саясий кырдаалдын өзөгүн негизи саясий мамилелердин – мамлекеттин жарандык коомго карата жана жарандык коомдун мамлекетке карата мамилелеринин мазмуну түзөт. Көп учурда cаясий кырдаал бийликтин мамлекеттин институттарынын кризиси формасында чыгат. Саясий кырдаалдын пайда болушунун негизинде коомдук турмуштун өзөгүндөгү (мамлекеттик бийлик, анын формалары жана багыттары үчүн ар түрдүү саясий күчтөрдүн ортосундагы) карама - каршылыктар өнүгүшү жатат. Акыры келип, сөз менен экономиканын, саясат менен социалдык чөйрөнүн ортосундагы карама-каршылыктар жөнүндө жүрөт.

Коомдогу төрт сапаттык өзгөрүүлөрдө өбөлгөлөгөн системалык карама-каршылыктардын өнүгүү процессинде cаясий кырдаал революциялык кырдаалдын бөлүгү катары чыгат. Коомдун саясий өнүгүшүндөгү терең өзгөрүүлөргө чейинки Саясий кырдаалдан ал өзгөрүүлөр болуп өткөндөн кийинки cаясий кырдаалды айырмалап билүү зарыл.
Биринчисинде саясий күчтөрдүн күрөшү саясий проблемалар жана маселелер менен (бирөөлөрү бийликти сактап калуу үчүн; экинчилери бийликти тартып алуу үчүн) чектелип, эски бийликке каршы күрөшкөндөр, адатта, бирдиктүү фронтко биригишет.
Экинчисинде алдыңкы планга экономикалык жана социалдык саясат чыгат. Жеңилгендердин арасында моралдык рух төмөндөп, бөлүнүп-жарылуулар күчөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9