Сейрек металлдар жана сейрек жер элементтери

Википедия дан

Кыргызстандын аймагы 1960-жылдарга чейин сейрек металлдарга жарды деп эсептелип келген. Бирок, ургалдуу жана пландуу жүргүзүлгөн геологиялык жумуштардын натыйжасында алар аймакта арбын экендиги аныкталган.

  • Бериллий. Кыргызстанда бериллий рудалануусунун бар экендиги Тажик-Памир экспедициясынын Түркстан кырка тоосунда жүргүзүлгөн геологиялык изилдөөлөрүнөн белгилүү болгон. 1932-ж. бул жерде сейрек металлдуу пегматиттерде берилийдин Кыркбулак, Карасуу-Каравшин ж. б. кендери табылган. Толугу менен окуу...
  • Висмут. Кыргызстандын аймагында висмуттун 200дөй кен-кенчелери табылган. Алар көбүнчө полиметалл, алтын, күмүш, мышьяк, вольфрам, калай, кобальт, молибден жана сурьма менен бирге кезигет. Толугу менен окуу...

Кыргызстанда сейрек жер элементтери айрым кендерде 1930-жылдан белгилүү болгону менен аны казып алуу кийин гана жүргүзүлгөн. 1956–59-жылдары сейрек металлдардын Куттусай-2 кени чалгындалып, 1995-жылга чейин казып алынган. Сейрек жер элементтеринин кенчелери Тескей Алатоонун борбордук бөлүгүндөгү Кызыломпол тоосунда, Кыргыз Алатоосунда, Көлүкөк, Көкөмерен, Бешташ, Бооралбас сууларынын алаптарында кездешет. Бир кыйла көбүрөөк Актүз-Борду рудалуу районунда бар. Жалпысынан алганда сейрек металлдуу минералдашуу метаморфизм катмарларында кездешет.

  • Тантал жана ниобий. Кыргызстандын аймагында тантал-ниобий рудалары бар экендиги жөнүндөгү алгачкы маалымат 1931–37-жылдары Тажик-Памир экспедициясынын Түркстан кырка тоосундагы пегматит кендеринде геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында алынган. Толугу менен окуу...
  • Стронций. Кыргызстанда стронцийдин негизинен стратиформ жолу менен пайда болгон кенчелери белгилүү. Стронций (негизинен целестиндүү) кенчелери бор-палеогендин кызыл түстөгү кумдук-чопо катмарларында топтолгон. Толугу менен окуу..

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]