Сени менен жолукканга чейин

Википедия дан
Сени менен жолукканга чейин
Me Before You
Жанры

драма, мелодрама

Режиссёру

Теа Шэррок

Продюсери

Alison Owen

Сценарийдин
автору

Барт Гавиган
Хью Хадсон
Брандо Квилиси

Башкы ролдордо

Эмилия Кларк
Сэм Клафлин
Женна Коулман
Чарльз Дэнс
Мэттью Льюис
Бен Ллойд-Хьюз
Жанет Мактир

Оператору

Remi Adefarasin

Композитору

Крэйг Армстронг

Кинокомпания

Warner Bros.
Metro-Goldwyn-Mayer
New Line Cinema

Узактыгы

110 мүнөт

Бюджети

20 млн. $

Кирешеси

207 345 075 $[1]

Өлкө

 Улуу Британия  АКШ

Тили

Англисче

Жылы

2016

IMDb

ID 2674426

«Сени менен жолукканга чейин» (англ. Me Before You) — Британдык мелодраманын режиссёру Теа Шэррок, журналист Жожо Мойестин 2012-жылы жарыкка чыккан "Сени менен жолукканга чейин" китебинин негизинде тартылган.Тасмада тартылгандар: Эмилия Кларк, Сэм Клафлин, Женна Коулман, Чарльз Дэнс, Мэттью Льюис, Бен Ллойд-Хьюз жана Жанет Мактир.Тасманын бет ачаары америкада 2016 жылы 2 июнда болгон.[2].

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Луиза Кларк – карапайым үй-бүлөнүн кызы. Үй-бүлөсү жакыр жашаганына байланыштуу ал акча табуу үчүн колго тийген жумушту кылууга даяр болот. Кезинде тоок багып, сулуулук салонунда, кафеде официант болуп иштеген. Иштеген кафеси жабылып, жумушсуз отурган күндөрдүн биринде Луизаны хан сарайда жашаган үй-бүлө майып баласын карап берүүгө жумушка чакырат. Ата-энесине каржы жагынан жардам берүү үчүн ал ойлонбой туруп макул болот. Ак сөөктөрдүн баласы Уильям Трейнор автокырсыктан улам майып болуп, моюнуна чейин кыймылсыз абалда калган. Колу менен тамак жей албайт. Уильям кырсыкка чейин спортто активдүү, кыздардын көзүн күйдүргөн бойдок жигит болгон. Ал майып болгондон кийин жашабай, жөн гана күн кечирип калган. Ата-энесинин макулдугу менен дарыгерлердин колунан кыйноосуз бул дүйнө менен коштошууну тилек кылып жаткан кези болот. Уильямдын жанында шайыр, эпсиз, обу жок көп сүйлөгөн, табитсиз кийинген Луиза пайда болгондон баштап анын жашоосу түркүн түстүү боёкторго боёлуп, кызыктуу боло баштайт. Анткени Луиза анын өлүмгө даярданып жатканын билет. Майып жумуш берүүчүсүнүн жашоого болгон кызыгуусун күчөтүп, аман алып калгысы келген. Жигити болгонуна карабай чунак кыз Уильямды сүйүп калат. Тилекке каршы, ортодо жанган сезимдерин таштап майып жигит өлүмдү тандайт. Ал эми Луиза сүйүктүүсүнүн тандоосуна баш ийип, акыркы көз ирмемдерине чейин анын жанында болот.

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасманын жаралуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Сени менен жолукканга чейин" тасмасы журналист Жожо Мойестин 2012-жылы жарыкка чыккан "Сени менен жолукканга чейин" китебинин негизинде тартылган. Кызыгы, китебин окугандар тасмада кээ бир каармандар кошулбай калганын айтышат. Анан тасмада да, китепте да майып адамдарды өз жанын кыюуга үгүттөө бар деген сындарга кабылган. Уильямдын кунарсыз күндөрдөн тажап өлүмгө моюн сунганын көпчүлүк "кино жаратуучулар майыптарды маданияттуу жол менен өлүмгө түртүүдө" деп айыпташты. Китептеги версиясында Уильям дубалда оркоюп чыгып турган мыкка арабасы менен алдыга-артка жылып сайылып каза болот. Анткени моюнунан ылдыйкы бөлүгү иштебегендиктен дары ичип же кан тамырын кесип жанын кыя алмак эмес. Автордун мындай мыкаачылык жол менен өлүмдү ойлоп тапканын көбү жактырышкан эмес.

Ой пикирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көпчүлүк киносынчылар тасманын мазмундук линиясы француздардын "1+1" тасмасына окшош, болгону француздар эки мырзанын достугун, ал эми англиялыктар эки жаштын сүйүүсүн сүрөттөшкөн дешүүдө. Ооба, чынында эки тасмада тең окуя майып адамдардын тегерегинде жүрөт. Француздардыкы бактылуу аяктаса, англиялыктар тасманын соңун трагедия менен бүтүрүшөт. Кино сүйүүчүлөр эки тасманы салыштырып "эмнеге майыптыкты достук жеңет, ал эми сүйүү жеңбейт?" деп ачууланышкан. Балким, англиялыктар француз кесиптештеринен фильмдин аягын кайгылуу бүтүрүп өзгөчөлөнгүсү келгендир.

Кызыктуу маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тасманын бет ачарынын датасы 3 жолу өзгөргөн. Кино жаратуучулар тасманы алгач 2014-жылдын август айында чыгат деп кабарлашкан. Тилекке каршы, созуп отуруп сатыкка 2016-жылдын жай айларында чыгарышкан.
  • Аталган тасма режиссёр Теа Шэрроктун алгачкы режиссёрдук эмгеги. Буга чейин ал театрда спектаклдерди коюп аты таанылып калган болот.
  • Кинодо актриса Эмилия Кларктын колунда аарынын сүрөтү түшүрүлгөн татуировкасы бар. Ал татуировканы актриса тартуу иштери учурунда "аткарган ролумдан эң жагымдуу эстелик болуп калсын" деп чынында эле колуна тарттырган.
  • Тасмада тартылган актёрлор Эмилия Кларк, Чарльз Дэнс, Ричард Мэдден белгилүү "Так талашуу оюну" ("Игра престолов") телесериалында чогуу роль аткарышкан.
  • "Сени менен жолукканга чейин" мелодрамасы Англия менен АКШдагы сатыкта бир айда эле 137 миллион доллар чогулткан.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Me Before You (2016) - Box Office Mojo.
  2. Thea Sharrock; Emilia Clarke, Jenna Coleman, Sam Claflin, Charles Dance. Me Before You (3 -июнь (кулжа) 2016). Текшерилген күнү 9 -июнь (кулжа) 2016.